Текебаев: Саляновага каршы кылмыш иши — «оппоненттерди жок кылуу аракети»

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев өз өнөктөшү Аида Саляновага каршы иштин козголушу — «саясий оппоненттерди жок кылуу аракети» деп билдирди. Иш Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирүүнүн айынан козголгон.

Мындай билдирүүнү Текебаев 27-декабрда парламентте журналисттердин алдында сүйлөп жатып жасады.

Ал мурда башкы прокурор жана юстиция министри болуп иштеген Саляновага каршы козголгон кылмыш иши — «саясий оппоненттерди жок кылуу аракети» экенин билдирди.

Салянова да, Текебаев да азыр учурдагы бийликке, атап айтканда, президент Алмазбек Атамбаевге ачык каршы чыккан парламенттеги дээрлик бирден-бир депутаттар.

«Бул кылмыш ишин бурмалоонун мисалы. 2010-жылы Елисеевдин лицензиясы калыбына келтирилген жана ал ошого толук укуктуу болчу. Ал тургай бул ишти кароо учурунда кайсы бир нерсе туура эмес болгон күндө да мыйзамдуулук үчүн ал эч кандай маанилүү натыйжасы болмок эмес. Эң эле ашып кетсе министрге сын айтып, иштен кетирилмек», — деди Текебаев.

Алексей Елисеев — юрист, бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү. Кыргызстанда Алексей Елисеевди «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы» үчүн алты жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Азыр Елисеев Латвияда жүрөт, ал 2010-жылдын апрелинде Бакиев режими кулатылган соң ошол жактан саясий башпаанек алган.

Саляновага каршы иш

Саляновага каршы иш козголгону тууралуу 26-декабрда белгилүү болду — ага 2010-жылы юстиция министри болуп турган убакта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагылды.

2010-жылы Салянова Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узарткан, азыр ал ошол кезде лицензиянын мөөнөтүн узартпай коюуга себеп жок болчу деп билдирүүдө.

Салянованын ишин Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы иликтейт. Салянова өзү да 2011-жылдан 2015-жылга чейин башкы прокурордун кызматында иштеп турган.

Депутат өзүнө каршы козголгон иште кылмыш курамы жок экендигин, өз кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргой тургандыгын «Азаттык» үналгысына айткан.

«Алар материалды өздөрүнө ылайыктуу өңүттө чогултушса керек. Алар менен да таанышып чыгуу зарыл. Аларда кандай материалдар бар экенин, кимден кандай көрсөтмө алышканын билбейм. Мен буга чейин да көрсөтмө берүүгө мажбур кылуу маселеси тууралуу айтып келгем. Эми материалдар менен таанышабыз», — деди ал.

Сүрөт: Азаттык

ТЕМА БОЮНЧА:


Саляновага каршы Елисеевдин лицензиясы боюнча иш козголду