БШК депутат Жакупованын ыйгарым укуктарын токтотту

Боршайком парламент депутаты Чолпон Жакупованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жакупова эгерде референдумда Конституцияга түзөтүү киргилсе, мандатын тапшыраарын айткан.

«Бир Болдун» депутаты Чолпон Жакупованын ыйгарым укуктарынын токтотулушу тууралуу 30-декабрда белгилүү болду.

БШКнын өкүлү Айболот Айдосов Kloop.kgге билдиргендей, ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим 30-декабрда Боршайкомдун отурумунда кабыл алынган.

«Биз анын ыйгарым укуктарын бүгүн токтоттук, отурумда ушундай чечим кабыл алынды. […] Арыз бир аз эртерээк келип түшкөн, мунун баары бир отурумга туш келиши үчүн атайын процедура бар», — деди Айдосов.

Жакупованын ордуна «Бир Бол» фракциясынан парламентке тизмедеги кийинки талапкер Дүйшөн Төрөкулов барат.

Жакупова Кыргызстандын башкы мыйзамынын өзгөртүлүшүнө каршы чыгып, эгер кыргызстандыктар референдумда түзөтүүлөргө макул болсо, мандатын тапшыраарын убадалаган.

Референдумга чейин коомдук желелерде Жакупованын мандатын тапшырбоого үндөгөн флешмоб башталып, бирок ал сөзүндө тураарын жана өзгөртүүлөр кабыл алынса, ыйгарым укуктарынан баш тартаарын айткан.

Референдум 11-декабрда өтүп, шайлоочулардын болжолдуу 80 пайызы түзөтүүлөргө макул деп добуш беришкен.

Жалпы киргизилген өзгөртүүлөр 20дан ашык, алардын ичинде премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин артыкчылыктарынан баш тартуу бар.

Түзөтүүлөрдүн көпчүлүгү 2017-жылдын 15-январынан баштап күчүнө кирет, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктары боюнча өзгөртүүлөр болсо кийинки жылдын 1-декабрынан тарта иштей баштайт.

Конституцияга түзөтүүлөр президент Алмазбек Атамбаев жана анын парламенттеги социал-демократтар фракциясы тарабынан демилгеленген. Өзгөртүүлөргө каршы болгондор бул бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузат жана түзөтүү киргизүү процесси да мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп билдиришкен.