Атамбаев коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик кызматкерлерди коргоо жөнүндө Салянованын мыйзам долбоорун четке какты

Президент Алмазбек Атамбаев коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик кызматкерлерди коргоо жөнүндө мыйзамды «маанилүү» деп атап, бирок четке какты жана анын карама-каршылыктарын жоюш үчүн докуметти ийине жеткире иштеп берүүнү парламенттен өтүндү.

Атамбаев депутат Аида Салянованын мыйзам долбоорунда карама-каршылыктар бар жана аларды жеткире иштеп чыгыш керек деп эсептейт. Анын айтымында, коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, бардык жарандар коргоого алынышы керек.

«Бул укуктук мамлекеттин негизги принциптеринин бири болгон, мыйзам жана сот алдында баары бирдей деген принципке каршы келет», — деген Атамбаевдин сөзүнөн цитата келтирет басма сөз кызматы.

Парламент 16-ноябрда кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык мамлекет коррупция тууралуу билдирген мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерге сый акы төлөп берип, аларды коргоого тийиш.

Атамбаевдин пикиринде, мыйзам долбоорунун айынан жылына канча сумма сый акы төлөөгө кетээрин эсептеп чыгыш кыйын.

Салянованын идеясы боюнча, сый акынын суммасы паранын суммасынын 30 пайызын түзүүүгө тийиш, бирок 1 миллион сомдон ашпашы керек.

«Бирок ушул күнгө чейин өкмөт каржылоо булагын аныктаган эмес, бул болсо Кыргызстандын Конституциясы боюнча мыйзамдын күчкө киришине жол бербейт», — деп билдирди Атамбаев.

Президент ошондой эле бул мыйзам долбоору «мамлекеттик кызматкерлердин алда канча кеңири чөйрөсүн өзүнө тарткан коррупциянын жаңы каналын жаратышы мүмкүн» деп эсептейт.

Атамбаев «жеке таарынычынан улам» кол койбой койду

Акыркы жылы Атамбаевдин негизги оппоненттеринин бири болуп калган Салянова өзү болсо президенттин жүйөлөрү менен макул эмес экенин «Азаттык» үналгысына билдирди.

Ал мекемелердеги коррупция тууралуу аларда түздөн-түз иштеген адамдар гана билдире алышат деп эсептейт.

«Документти талкуулоо учурунда мыйзам күчүнө кирсе адамдар бири-бирине жалаа жаап киришет деген пикир айтылган. Андай учурлардын алдын алыш үчүн биз мыйзам долбоорунда мамлекеттик кызматкерлер тууралуу гана кеп козгодук, анткени алар жалаа жапканы үчүн өздөрү жоопко тартылып калышы мүмкүн экенин билишет», — деди ал.

Салянованын айтымында, каржылоо булагын аныктап кереги жок, анткени мыйзам бюджетке оорчулук келтирбей эле, тескерисинче кошумча кирешеин булагы болуп калат.

Ал мыйзам долбоору кезектеги коррупциялык канал болуп калат дегенге да кошулбайт.

Салянованын «Ата Мекен» фракциясы боюнча өнөктөшү Алмамбет Шыкмаматов президент «Саляновага жеке таарынычы болгондуктан» мыйзам долбооруна кол койбой койду деп эсептейт.

«Президент шектенбей эле бул документке кол кое берсе болмок. Ал өзү коррупцияга каршы аесуз күрөш жарыялаган, андыктан мыйзам долбоорун бардык жагынан колдоого алышы керек болчу. […] Мындан тышкары, президент менен өкмөттүн тегерегинде жем жеген коррупциячылар жабыркап калышы да мүмкүн эле. Ошондон да чочулап жатышса керек», — деди ал.

Атамбаев менен мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Салянованын ортосундагы тирешүү анын күйөөсүнө каршы көмүр жеткирүүгө байланышкан «алдамчылык»  боюнча иш козголуп, аны 7 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккандан кийин башталган.

Салянова «Ата Мекен» фракциясына өтүп, конституциялык реформа боюнча оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин таламын талаша баштагандан кийин тирешүү ого бетер күчөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: