Шектүү кыргызстандык Стамбулдагы террордук чабуулга тиешеси бар экенин төгүнгө чыгарды

Түрк ЖМКлары полициядагы маалымат булактарына таянуу менен Стамбулдун «Рейна» клубуна кол салган киши Кыргызстандан барганын билдиришти. Шектүү деген киши террордук чабуулга тиешеси бар экенин танып чыкты. 

Кабар 3-январда саат 18:03тө жаңыланды.

ВВС жана Haber Turk маалымат каражаттары «Ихлас» маалымат агенттигине таянуу менен Стамбулдагы террордук чабуулдун аткаруучусу Кыргызстандан барганын кабарлашты. Анын паспортунун сүрөтү мамлекеттик TRT World телеканалында көрсөтүлдү — террордук чабуул үчүн жооптуу деп 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машраповдун атын аташты. ВВС ал Кыргызстандан эки баласы жана аялы менен барганын жазып жатат.

https://twitter.com/michaelh992/status/816214235894181889

Машрапов өзү болсо «Турмуш» маалымат агенттиги менен болгон маекте террордук чабуулдун аткаруучусу экенин жокко чыгарды. Мурда түрк ЖМКлары ал «Рейна» клубундагы эс алуучуларга ок атууга тиешеси бар деп жазып жатышкан. 

«Турмуш» маалымат агенттиги Машрапов менен маектешип, ал Түркиядагы террордук чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Мен террордук чабуулга шектелген адамды билбейм жана менин паспортумдун сүрөтү кантип Интернетте тарап кеткенин түшүнбөйм. Мен өзүм Кара-Суудан болом. 2011-жылдан бери Кара-Суудагы "Туратали" базарында соода кылам. Террор болгон күнү 31-декабрда мен Кыргызстанда болчумун. Мен Түркиядагы террордук чабуулга эч кандай тиешем жок. 2011-жылдан бери Стамбулга соода боюнча, иш үчүн барып турам», — деди Машрапов.

Аны УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери суракка алып, үйгө коё беришти.

«1-январда мен Бишкектен Стамбулга учуп бардым. Соодага байланышкан иштеримди бүтүрдүм. Стамбулдун аба майданына келип, учакка түштүм. Ал учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери мени учактан алып түштү. Алар мени бир саатча суракка алышты. Анын айынан Бишкекке барчу учак бир саатка кармалды. Алар жаңы жылга караган түнү болгон террордук чабуулга байланыштуу мени суракка алышканын түшүндүрүшүп, сүрөттөгү кылмышкерге бир аз окшош экенимди айтышып, кечирим сурап коё беришти», — деди ал.

Солдо - Стамбулдагы террордук чабуулга шектүү киши. Оңдо - Яхье Машрапов.

Мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы террордук чабуулга кыргызстандык жарандын тиешеси тууралуу маалымат «чындыкка туура келбейт» деп билдирген.

«Рейна» түнкү клубуна жаңы жылга караган түнү чабуул коюлган — белгисиз адам кире бериште турган полиция кызматкерлерин жана күзөтчүлөрдү атып салып, андан кийин имараттын ичине кирип барып, кардарларга ок атып кирген.

Террор маалында клубда жүздөгөн киши жүргөн. Жалпысынан кол салуунун айынан 39 киши каза таап, 60 адам жарадар болгон. Киши өлтүргүч полиция келгиче кылмыш болгон жерге куралын калтырып изин жашырып кеткен.

Киши колдуу болгондордун арасында 16 чет элдик, Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болуп чыкты.

Террордук аракеттин жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму өзүнө алды.