Өзбекстан: Мирзиеёв коррупуцияга каршы күрөш жөнүндө мыйзамды колдоду

Өзбекстандын президенти коррупцияга каршы күрөш жөнүндө мыйзамга кол койду, ал таза иштебеген аткаминерлерге каршы күрөштү гана камтыбастан, «ачык-айкындуулук» принциптерин да жар салат.

Өзбекстандын жакында шайланган президенти Шавкат Мирзиеёв мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу чараларын сүрөттөгөн мыйзамга кол койду.

Документте мамлекет эми «бюрократиялык бөгөттөрдү» жоюп, көптөгөн кагаз иштерин жеңилдетиши керек экендиги айтылат.

Коррупция тууралуу билдирген жарандар эми мамлекеттин коргоосунда болот, аларды куугунтуктоо жазаланат. Бирок коргоо чаралары атайылап жалган маалымат берген жарандарга тиешелүү болбойт.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери эми өздөрү билген мыйзам бузулган фактылардын баары жөнүндө кабар берип турушу керек. Антпесе алар мыйзамга ылайык жооп беришет.

Жаңы мыйзам коррупцияга каршы күрөштүн принциптерин гана баяндап тим болбостон, өзбекстандыктарга мамлекеттик органдардын ишине байланышкан маалыматка да жеткилик берет.

Документ ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жаатындагы эл аралык мыйзамдар Өзбекстандын мыйзамдарынан жогорураак тураарын эскертет.

Мыйзамды Мирзиеёв өзү Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда былтыр октябрда сунуш кылган.

«Бул мыйзамды кабыл алуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуунун кошумча укуктук кепилдиктерин пайда кылат, жеке менчик укугун мыйзамсыз тартып алуу аракетине, ишкерлик субъектилеринин ишине негизсиз кийлигишүүгө бөгөт коюуга жана натыйжа катары жигердүү ишкерликтин өсүшүнө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат 15-октябрдагы Мирзиеёвдин кайрылуусунда.

«Transparency International» эл аралык уюмунун коррупцияны кабыл алуу индексинде Өзбекстан 167 өлкөнүн ичинен 153-орунда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандан төмөн Түркмөнстан гана турат.

«Transparency International» уюмунун Өзбекстандагы коррупция тууралуу 2015-жылдын декабры үчүн баяндамасы өлкөнү «олигархиялык-авторитардык мамлекет, анын ресурстары башкаруучу элитаны жана ага жакын адамдарды колдош үчүн натыйжасыз пайдаланылат» деп сүрөттөйт.

«Мамлекет кеңири тараган жана системалуу коррупция менен күрөштө алсыз экенин көрсөтүүдө. […] Коррупция саясий элитага улуттук ресурстарды ээлап алууга жана пахта терүүдө адам укуктарын бузууда ортомчу болууга жол берет», — деп айтылат баяндамадагы сүрөттөмөдө.

Сүрөт: Kremlin.ru

ТЕМА БОЮНЧА: