Бишкектиктер «Слоники» паркынын ордуна имарат салууга каршы, компания аны бузбаганга убада берүүдө

«Слоники» балдар паркынын жанында жашагандар аянтчаны бузууга жана анын ордуна имарат салууга каршы митингге чыгышты. Алар парк ишкерлик борборуна алмаштырылат деп эсептешет. Куруучу «Слоникини» бузбаганга убада берүүдө.

Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган бишкектиктер 5-январда «Слоники» балдар паркынын ордуна имарат салууга каршы митингге чыгышты. Алар TS-Group компаниясы аянтчаны бузуп, анын ордуна ишкерлик борборун курганы жатат деп эсептешет.

Галина Скатневская нааразылык акциясына биринчи келип, парк бузулушу мүмкүн экенин алгачкылардан болуп айта баштады. Ал куруучулар жергиликтүү тургундардан курулушка уруксат алышпаганын, алар чогулткан кол белгилер батир ээлеринен эмес, ижарачылардан жыйналганын айтты.

«Биз бул паркты жакшы көрөбүз. Көп учурда стол алып келип, балдарга майрам уюштуруп беребиз. Жармаңке өткөрчүбүз, батут койчубуз, балдар ойноп, биз пенсионерлер болсо сейилдеп жүрчүбүз. Бизге акимиат менен жергиликтүү депутаттар да жардам беришкен, бирок мынабу капчыгы калыңдар пайда болуп, баарын бузуп киришти», — деди ал.

Азыр курулуштун биринчи баскычында бактар кыйылууда. Жергиликтүү тургун Таалай Назаралиев бактар майрам алдында, декабрдын 25инен 28ине чейин кыйыла баштаганын айтты.

«Биз улам ачууланып жаттык, алар болсо кыя беришти. Бул жерде аянтчада 7 дүмүр гана бар. Аянтта болсо 40ка жакын бак бар», — деди ал.

80 жаштагы пенсионер Толүка Жылайканова бактарды өз колу менен отургузганын, алар кыйылып жатканда көзү кыйбай жатканын айтты.

«Суук болчу, мен болсо аларга кыйкырып атам: “Кудайды карасаңар болбойбу, эмне кылып атасыңар!” деп. Алар болсо мени кирмеге алып баратышат: “Чоң эне, жылуу жерде отургула” деп. Кантип отурам? Мен бул бактарды өзүм отургузгам, өмүр бою ушул жерде жашадым, балдарым ушул жерде чоңойду. Болбойт мындай», — деди ал.

Митинг бир саатча созулду, бирок Бишкек мэриясынан же TS-Group курулуш компаниясынан анын катышуучуларына эч ким чыккан жок.

30га жакын жергиликтүү тургун балдар аянтчасынын ордуна башка нерсе салууну токтотуу талабына кол койду. Алар мэрия менен Башкы прокуратурага кайрылып, «Слоники» паркын жайына коюуну талап кылышат.

TS-Group: Ишкерлик борбор курулбайт

TS-Group курулуш компаниясынын директору Мирлан Рыскулов Kloop.kgге парктын ордуна ишкерлик борбор курулбай тургандыгын, жердин өзү ага таандык эмес экенин айтты.

Анын айтымында, компания «Слоники» паркын кайра жасап, тренажерлери бар футбол талаасын курат. Компаниянын директору тургундардын көпчүлүгү бул пландарга макул болгон дейт.

«Жергиликтүү тургундар жолтоо болгондуктан биз эч баштай албай жатабыз. Курулуш мыйзамдуу. Бизде ал тургай айрым тургундардын кол белгилери бар, ал жерде жашоочулардын көпчүлүгү «Слоникинин» кайра курулушуна жана футбол талаасынын салынышына, балдар үчүн тренажерлер орнотулушуна макул», — деди ал.

Анын айтымында, футбол талаасын куруу жана тренажерлерди орнотуу Бишкек мэриясы тарабынан табышталган. Рыскулов жергиликтүү тургундар компания эмне менен алек болоорун билбей жатышканын, ошондуктан ачууланып жатышканын айтты.

Балдар аянтчасы бар «Слоники» паркы Бишкекте Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаныбарлардын фигуралары отуз жылдан бери турат, алар 1961-жылы үйлөр салынып жатканда эле балдар үчүн орнотулган.

Дээрлик 20 жыл каралбай калган «Слоники» балдар паркы «Шаардык демилгелер» фондунун активисттери тарабынан 2015-жылы калыбына келтирилген.

Фонддун кызматкерлеринин айтымында, «Слоники» деген атты алар койгон эмес — бул аталыш жергиликтүү калк арасында мурунтан эле оозго сиңип калган.

ТЕМА БОЮНЧА: