Бишкекте бекер китеп таратуу боюнча акция башталды

Кыргыз активисттери акция жарыялап, анын алкагында китеп чогултуп, муктаж болгондорго таратмак болушту. Алар элди китеп окууга ушундай жол менен тартууга үмүттөнүшөт.

7-январдан тартып «Кыргызстан жаштарынын эл аралык ассамблеясы» адабияттарды чогултуп, бекер таратат. Акциянын демилгесин Филиппинде жашаган кыргызстандыктар көтөргөн. Идеяны ишке ашырууну ошолор сунуш кылды.

Уюмдун катышуучуларынын бири Анарбек Катаганов бекер китеп таратуу китепкөйлүктү жандандырып гана тим болбостон, «калкты агартат» деп үмүттөнөт.

Акцияга каалаган адам катыша алат. Бул үчүн уюмга каалаган китепти өткөрүп бериш жетиштүү. Китептин жанры жана багыты маанилүү эмес — ал окуу китептери да, көркөм адабият да болушу мүмкүн.

Бейтааныш адамга уюмдун кеңсесине китеп өткөрүп берип же аны менен коомдук түйүндө байланышып китеп тартуу кылса болот.

«Кыргызстан жаштарынын эл аралык ассамблеясы» — былтыр жыл аягында расмий иштей баштаган коомдук бирикме. Уюм жаштардын долбоорлорун ишке ашырыш үчүн түзүлгөн.

Бул уюм жарыялаган акция - кыргызстандыктардын китепкөйлүгүн кайра жандандыруунун биринчи аракети эмес.

2016-жылдын августунда Бишкекте «Китепкөй Эркиндик» аттуу флешмоб өткөн. Анда иш-чаранын уюштуруучулары — Колдонмо урбанистика мектебинин мүчөлөрү — шаардын борбору аркылуу өткөн Эркиндик бульварынын отургучтарында кызыктуу китептерди калтырып кетишкен.

ТЕМА БОЮНЧА: