Жашообуз жарык болсун: Токтогул ГЭСинде оңдоо иштери бүттү

Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегат штаттык режимде иштеп жатат. Декабрдын аягында бузулуп калган экинчи агрегатты оңдоо ийгиликтүү аяктады.

Токтогул ГЭСинде 15-декабрда иштен чыгып калган экинчи гидроагрегат оңдолгон соң жана сыноо иштеринен кийин ишке киргизилди.

«Бузулууга 500 кВ кабелдин иштен чыгып калышы себеп болгон (25 жыл иштей турган кабель 41 жыл иштеген)», — деп кабарлады «Электр станцияларынын» басма сөз кызматы.

Ремонт жүргүзүлүп жатканда ГЭС менен ТЭЦтин штаттык режими өзгөрүлгөн жок. Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроэлектростанция ишке киргенден кийин анын резервиндеги кубаттулук 300 МВтка чоңойду.

2017-жылдын жазында ГЭСти калыбына келтирүү башталып, жалпы кабель линиясы толук алмаштырылат.

Токтогул ГЭСиндеги экинчи агрегатты оңдоо 15-декабрда ал иштен чыгып калган кезде эле башталган. «Электр станцияларынын» башкы директору Таалайбек Толубаев Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегатты оңдоо 2017-жылдын 15-январында бүтөөрүн кабарлады.

Бул ушул гидроагрегаттагы экинчи авария. Ал 2015-жылы да сынган. Ал убакта да кабелдин күйүп кеткен жерин алмаштыруу керек эле. 2015-жылкы оңдоо иштери үч айга созулуп кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА: