Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштери 15-январга чейин бүтөт деген убада берилүүдө

«Электр станцияларынын» башкы директору Таалайбек Толубаев Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат кийинки айда оңдолуп бүтөөрүн билдирди.

Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегатта кабелди алмаштырууну 2017-жылдын 15-январына чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Электр станцияларынын» башкы директору Таалайбек Толубаев 22-декабрдагы парламент жыйынында билдирди.

«20-25 күндүн ичинде оңдоо иштери бүтүп калат го деп үмүт кылып турабыз. Былтыр да ушул эле агрегат иштен чыккан. Авария ушул эле кабелдин башка жеринде болгон. Кабель 42 жылдан бери колдонулуп келатат. Кабелдик жабдуу боюнча адистер жеринде иштеп жатышат», — деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамда электри жок калабы деген кооптонуусун айтты.

Толубаев компания жарыкты өчүрбөй турганын билдирди.

«Ал жерде менин орун басарларым да жүрүшөт. Оңдоо иштери жүрүп жатат. Чоң авария болгон жок, кабелдик зымдагы бузуктан улам агрегат токтоп калган. Электр энергиясын камсыз кылууда чектөө болбойт. Энергетикалык кубат жетиштүү, резервдер бар. Калган үч агрегат жана башка станциялар иштеп жатат», — деди ал.

Ошол эле гидроагрегаттагы экинчи авария

Иштен чыккан гидроагрегат 2015-жылы да бузулган. Анда да азыркыдай эле кабелде авария болгон.

Ал кезде аны оңдоо үч айга созулган. «Электр станциялары» компаниясы быйылкыдай эле Орусиядан адистерди чакырып, алар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Авариянын айынан Чүй облусунун үч районунда — Москова, Жайыл жана Панфилов райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Токтогул ГЭСиндеги авария: Жарык өчүрүлбөйт деген убада берилүүдө