Стамбулдагы террордук чабуул: Полиция шектүү кишинин атын атады (ал кыргызстандык эмес)

Түрк полициясы Стамбулда жаңы жылга караган түнү террордук чабуул койгон кишинин өздүгүн аныктады. Мурда Түркиянын ТИМинин башчысы террордук чабуул койгон кишинин аты-жөнү бийликке белгилүү экенин эске салып, бирок аны тергөөнүн кызыкчылыгынан улам айтпай койгон.

Түркиянын полициясы «Рейна» түнкү клубуна террордук чабуул койгон кишинин өздүгү такталды деп билдирүүдө. Ал Өзбекстандын жараны Абдулгадир Машарипов болуп чыкты, ал ошондой эле Абу Мухаммед Хорасан деген да ат менен да белгилүү.

Расмий версия боюнча, кылмышкер топтолгон элге 180 ок атып, андан кийин кылмыш болгон жерден түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен.

Террордук чабуулдун айынан 39 киши курман болгон, алардын көпчүлүгү — чет өлкөлүктөр. 60тай киши жарадар болгон.

Көчөгө чыккандан кийин Машарипов таксиге отурган — дал ошол таксисттин шарапаты менен шектүүнүн өздүгүн аныктоо мүмкүн болду.

Абдулгадир Машарипов ИГИЛдин өзбек кошуунунун өкүлү болгон. Түрктөрдүн Hurriyet гезити жазганына караганда, «Ислам мамлекети» террордук уюму шектүүнү дагы эле колдоп келет.

Стамбулга Машарипов Түркиянын Конья провинциясынан келген. Ушул провинциядан келип, Стамбулдун Зейтинбурну жана Аксарай райондорунда жашап жүргөн мигранттарды полиция иликтөөнүн жүрүшүндө кармаган.

Андан тышкары, Абдулгадир Машариповдун аялы менен балдары да кармалган. Аял күйөөсүнүн ИГИЛ тобуна тиешеси бар экенин танып, бирок анын өз атын айтуудан, ал тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Мурда түрк ЖМКлары шектүү катары Кыргызстандын жараны Яхъе Машраповдун атын атап келишкен, бирок кыргызстандыктын алибиси бар болуп чыкты. Кыргыз жана түрк атайын кызматтары анын кол салууга тиешеси жок экенин ырасташты.

Террордук чабуулдун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алган.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм.

«Ислам мамлекети» Иракта жана Сирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: