Цюрихте мыкты футболчуларга, машыктыруучуларга жана күйөрмандарга сыйлык тапшыруу боюнча «The Best FIFA Football Awards» аттуу аземи болуп өттү.

Кеченин негизги сыйлыгын — жылдын мыкты оюнчусу наамын — «Алтын топко» удаа эле Криштиану Роналду алды. Португалиялыкка кошулуп ага талаптанган үч кишинин экөө аргентиналык Лионель Месси жана француз Антуан Гризманн болду.

Аялдар футболунда экинчи ирет америкалык Карли Ллойд эң мыкты деп табылды. Ал добуш берүүдө бразилиялык Мартадан жана немис кызы Мелани Берингерден озуп өттү.

Жекече сыйлыктарга насаатчылар да ээ болушту.

Германиянын аялдар курама командасынын машыктыруучусу Сильвия Найд 2016-жылдын мыктысы деп табылды, анын жетекчилиги алдында команда Риодо Олимпиада Оюндарынын алтын медалын утуп алган.

Жигиттердин футболунда мыкты насаатчынын наамын Клаудио Раньери утуп алды. «Лестердин» машыктыруучусу өз командасы менен Англиянын премьер-лигасын клубдун тарыхында биринчи жолу утуп алып, 2016-жылы кадимкидей сенсация жаратты.

Клаудио Раньери

Салтанат учурунда таза оюн үчүн да сыйлык тапшырылды. Аны Колумбиянын «Атлетико Насьональ» клубу алды. Түштүк Американын кубогунун финалында «Шапекоэнсенин» футболчулары дал ушул команда менен ойномок, бирок ошол бойдон ойной албай калышкан.

«Шапекоэнсенин» машыктыруучулук штабы жана оюнчулары түшкөн учак алардын өз тарыхындагы эң маанилүү матчка баратканда кулап түшкөн. Курман болгондордун урматына «Атлетико Насьональдын» футболчулары кубокту бразилиялык клубга ыйгарышкан эле.

Эң мыкты карьера үчүн атайын сыйлык мини-футбол боюнча өз курама командасынын намысын коргоп келаткан бразилиялык Фалькаого ыйгарылды.

Жыл ичиндеги эң мыкты гол үчүн Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкты малайзиялык «Пенангдын» футболчусу Мохд Фаиз Субри алды.

Мыкты күйөрмандардын сыйлыгын «Ливерпуль» менен дортмунддук «Боруссиянын» ышкыбоздору бөлүп алышты. Алар Европа Лигасынын оюн сыртында Ливерпуль командасынын 96 күйөрманы каза тапкан «Хиллсборо» стадионундагы курмандыктарга арнап «You’ll Never Walk Alone» ырын хор менен ырдашты.

Жылдын командасы - 2016

Салтанат учурунда 2016-жылдын символикалуу курама командасы да жарыяланды. Жылдын командасына FIFAнын версиясы боюнча төмөнкүлөр кирди:

  • Мюнхен «Бавариясындагы» Мануэль Нойер;
  • Мадрид «Реалындагы» Серхио Рамос, Марсело, Лука Модрич, Тони Кроос жана Криштиану Роналду;
  • «Барселонадагы» Жерар Пике, Андрес Иньеста, Луис Суарес жана Лионель Месси;
  • Туриндин «Ювентусундагы» Дани Алвес.

Сый тапшыруу аземин актриса Ева Лонгория жана немис теле алып баруучусу Марко Шрейль алып барышты.

Бул FIFA менен «France Football» басылмасынын ортосундагы кызматташтык токтоп калгандан берки биринчи сый тапшыруу аземи. 2008-жылдан 2016-жылга чейин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) мыктыларды француз спорт басылмасы менен чогуу тандап, сыйлап келген.

Мындан ары эки башка салтанат болот. Жекече сыйлык — France Football басылмасынын «Алтын тобу» мурдагыдай эле француз журналынын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусуна бериле берет.

Ал эми былтыр FIFA уюштурган сыйлык «The Best FIFA Football Awards» деп аталып, мыкты оюнчуларга гана эмес, насаатчыларга жана ал тургай күйөрмандарга да арналган жекече сыйлыктарды камтыйт.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: REUTERS