Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат Ирина Карамушкинанын катына жооп кылып «Фейсбуктун» он колдонуучусун атаган. Комитет колдонуучулардын сөздөрүнөн президентке карата сын пикир тапкан. Кыргызстандыктар бул тууралуу өздөрү эмне деп ойлошот?

Kloop.kgнин кабарчысы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президент Алмазбек Атамбаевге карата «Фейсбукта» «маал-маалы менен терс маанидеги жарыяларды» чыгаруу боюнча айыптаган кыргызстандыктар менен байланышып сурамжылоо кылган.

Катта он колдонуучунун аты аталган: Айнура Белековна, Токсонбай Сексенбаев, Мунарбек Турков, Залкар Матазимов, Гүлшайыр Бегматова, Даниэль Абдувалиев, Жумабек Камаров, Шабдан Боронбаев, Сава Сыргатай, Тойчубек Акматали уулу.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү атайын кызматтын тизмесине түшүп калганына таң калган.

Кыргызстанда жашаган коомдук желенин колдонуучусу Айнура Белековна Атамбаевди сындаганын тастыктады. Ал чындыкты жазып жатканын айтып, буга укугу бар деп эсептейт.

«Кайсы бир жазган макалам Атамбаевге жакпай калыптыр? Мен жазгам болсом, чындыкты жазам. [...] ГКНБ уят! Ушунчалык эң күчтүү орган болуп менин жашаган IP-дарегимди таппай жатасыңар. Силер жазган мамлекетте жашабайм. Мен Кыргызстандамын! Дагы бир жолу айтып кетем, Атамбаев кетсин!» — деп жооп берген ал.

Кореядагы кыргыз мигранты Даниэль Абдувалиев Kloop.kgге айткандай, ал эч качан Атамбаевге карата терс пикир жазган эмес. Айтымында, бир жолу президент жөнүндөгү постко пикир гана калтырган.

«Чынын айтсам, таң калдым. Бир ай мурда бир жарыяга туш болдум, автору эсте жок, аял болчу. Ошол жерде өз пикиримди калтырдым. Мен өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес жөнөкөй мигрантмын. Демократиялык өлкөдө жашап жаткандан кийин, оюмча, өз оюмду айтканга укугум бар. Президенттин дарегине карата мен тараптан, ал жерде айтылгандай, терс пикир же сөгүнүү болгон эмес. Мен болгону эле чындыкты жаздым. Мендейлер коомдук түйүндөрдө көп. Эмне үчүн жалаң эле мен? Мен бул жерде Кореяда иштеп, үй-бүлөмө жардам берип жатам», — деп жазды ал.

Колдонуучу Сава Сыргатай да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тизмесинде болчу. Ал мамлекеттин душманы эмес экенин, өзү небересин тарбиялап жаткан фермер экенин кеп кылат.

«Мамлекет мени душман деп жаңылышат. Мен Акаев менен Бакиевди кууп чыгууга каршы болчумун. Азыр Атамбаевди кууп чыгышса да каршы болом. Мен мыйзамды баалайм. Бийликте ким турса дагы, шайлоо аркылуу келгени жакшы. Мен мамлекетке кандай зыян келтирип жатам? Мен үйдөн неберемди тарбиялайм, талаада дыйканчылык кылам. УКМК душманды башка жактан эле издесин, ал эми мени [суракка] чакырып калышса, мен барам», — деди ал.

Колдонуучу Токсонбай Сексенбаев Kloop.kgнин журналисти менен болгон маектен чочуп кетип, мындан ары Атамбаевди сындабай турганын айтты.

Калган колдонуучулар Kloop.kgнин кабарчысынын суроолоруна жооп берише элек.

Колдонуучулардын артынан аңдуу

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина 2016-жылы октябрдын аягында эмне үчүн атайын кызматтар Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлерди көзөмөлдөбөйт деп маселе койгон.

УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев депутат Ирина Карамушкинанын Атамбаев тууралуу терс пикирлерди жазган «Фейсбук» коомдук түйүнүнүн колдонуучуларын табуу жөнүндө сурамына жооп берди.

Катта атайын кызматтар «мамлекет башчысына карата маал-маалы менен терс ойлорду жазышкан» «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун табышканы айтылат. 45 колдонуучунун ичинен 10унун турган жери аныкталган, ал эми калган 35ине карата «тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат».

Бул атайын кызматтар адамдарды президенттин дарегине айтылган терс пикирлери үчүн текшерип, суракка алган биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургуну Атамбаевге жазылган сатира үчүн УКМКда суракка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА: