Жарандык активисттер жана үйлөрдүн тургундары «Слоники» паркынын ордуна көп кабаттуу үй салууга каршы митингге чыгышты. Кайрадан шайланган мэр Албек Ибраимов скверди сактап калууга убада берди.

Ибраимов журналисттерге «Слоники» паркынын ордунда эч нерсе курулбай тургандыгын айтып убада берди. «Ал жакка эч нерсе курулбайт, анткени уруксат жок», — деди ал.

Анын бул сөздөрү «Слоники» паркынын ордуна турак үйдүн курулушуна нааразы болгон активисттер менен бишкектиктердин бүгүн өткөн митингине жооп иретинде айтылды.

11-январда эртең менен мэриянын имаратынын алдына Бишкектин 15 тургуну чогулуп, парк турган жерде бактарды кыюуну жана имарат салууну токтотууну талап кылышты.

Демонстранттардын арасында былтыр «Слоники» паркын калыбына келтирген «Шаардык демилгелер» фондунун өкүлдөрү да болду.

«Ал учурда парктын жарымында курулуш жүрүп жаткан. Ал кезде биз анын канчалык мыйзамдуу экендигин териштирген жокпуз […]. Жаңы жылдын алдында ал жакта бактар кыйылып жатканын, экинчи бөлүгү курулушка берилгенин билгенибизде биз бул ишти жөн калтыра албай калдык», — деди  фонддун директору Раушанна Саркеева.

Анын айтымында, архитектуралык жана инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр боюнча чечимдердин көбү коомчулукту катыштырбастан кабыл алынып жатат. Ал курулушка уруксат жок экендигине карабастан «Зеленстрой» компаниясы 57 бакты кыюуга уруксат берип салганын айтты.

Чогулгандарга Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Алмаз Кененбаев да чыгып, бак-дарактарды сактап калуу зарыл экенин айтты.

«Биз шаарыбыздын өпкөсүн сактап калышыбыз керек. Биз азыр биринчи сессияда [бул маселени карап чыкканга] жетиштик. Аны туруктуу комиссиянын кароосуна сөзсүз алып чыгабыз», — деди ал.

Депутат активисттерге жана тургундарга инфратүзүмдөрдү өзгөртүү маселелери каралган комиссиялардын ишине катышууну сунуш кылды.

Прокуратуранын текшерүүсү

Бишкектин прокуратурасы парктагы имарат салуунун мыйзамдуулугун текшерди. Жер тилкеси ижара шартында 2005-жылдан бери убактылуу пайдаланууда турат. 2006-жылдан бери убактылуу пайдалануу укугу алуу-сатуу келишимине ылайык «Онурхан» ЖЧКга өткөн.

Прокуратура ижара келишимин түзүүдө Бишкек мэриясы Жер кодексин жана Бишкек шаардык кеңешинин жана парламенттин депутаттарынын «Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун бузганын аныктады.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, курулушка уруксат берүүчү жана башка документтери жоктугуна карабай «Зеленстрой» 57 бакты кыюуга  уруксат берген.

Текшерүүнүн натыйжасында Бишкек прокуратурасы мыйзам бузууну жокко чыгарыш үчүн Бишкек башкы архитектурасына жана мыйзамсыз курулуш жагдайы боюнча Бишкек Мамэкотехинспекция башкармалыгына тапшырма жолдогон.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов

ТЕМА БОЮНЧА: