Бишкектиктер «Слоники» паркынын ордуна көп кабатуу үйдүн курулушуна каршы болуп митингге чыгышты. Куруучулар жаныбарлардын фигураларын парктан чыгарып, 2017-жылдын кыш мезгили аяктаганга чейин жаңы имаратты салуу ниетинде.

Биринчи май районундагы Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдө жашагандар көп кабаттуу үйдүн курулушуна каршы.

Шаардыктардын үйлөрүнүн жанында балдар ойногонго ылайыкташкан, футбол, волейбол аянты жана жергиликтүү тургундар «Слоники» деп атап алган сквер-паркты камтыган үч кичинекей жер тилкеси бар.

В 2015 году парк был восстановлен активистами фонда «Городские инициативы». Фото: Дмитрий Мотинов
Парк 2015-жылы «Шаардык демилгелер» фондунун активисттери тарабынан кайра калыбына келтирилген. Сүрөт: Дмитрий Мотинов.

Парктын айланасындагы үйлөрдө жашагандар куруучу «Слоники» паркын бузуп салат деп кооптонууда. Куруучу компания болсо парктагы дарактардын бир бөлүгүн кыйып салган.

«Слоники» паркы көп убакыттан бери каралбай, вандалдар тарабынан бузулуп кеткен болчу. Аны 2015-жылы активисттер калыбына келтирген. Ошондон бери скверде жергиликтүүлөр топтолуп, балдар ойной башташкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бетон эстеликтерге 30 жылдан ашкан, аларды 1961-жылы «хрущёвкаларды» салып жаткан кезде үйлөргө кошуп курушкан.

Парктын мындан аркы тагдыры эмне болоорун Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титова билип көрдү.

Территория парка и арт-объект, и детская площадка одновременно. Фото: Дмитрий Мотинов
Парктын аймагы жана арт-объект. Сүрөт: Дмитрий Мотинов.

Кыскача:

  • Бишкектиктер «Слоники» балдар паркынын бузулушуна каршы митингге чыгышты;
  • TS-Group курулуш компаниясы паркты бузбай, болгону аны жакын жайгашкан футбол талаасына жылдырууну пландап жатканын билдирди;
  • Парктын аймагында эки айдын ичинде жаңы көп кабаттуу имараттын курулушу башталмакчы;
  • Парктын курулушу боюнча Башкы прокуратура да кызыккан. Курулуш факты боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
Парк үч балдар аянтчасынан турган комплекстин курамына кирет, анда коңшулаш үйлөрдүн балдары келип ойнойт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Кененирээк:

Айни жана Токтаналиев көчөсүндө жашаган Бишкектин тургундары «Слоники» балдар паркынын курулушуна каршы 5-январда митингге чыгышты. Алардын айтымында, TS-Group компаниясы балдар аянтчасын бузуп салып, анын ордуна ишкерлик борборун курмакчы.

Ошол жердин тургуну Галина Скатневскаянын айтымында курулуш ээсиндеги уруксат документтери сатылып алынган.

Бул документтер - эки коңшулаш үйдүн батирлерин ижарага алган кишилердин колдору. Скатневскаянын айтымында тегеректеги үйлөрдүн ээлери бактардын кыйылышына жана парк ичинде турак жай имаратынын курулушуна уруксат берген эмес.

«Алар ар бир үйгө 100 миңден төлөп беришти. Азыр биз кылмыш иши козголушун каалап жатабыз, анткени алар [батирде тургандар] бул участокко эч кандай тиешеси жок. Жаңы имарат салынып бүтөөрү менен алардын өздөрүнүн терезеси жабылып, балдары эч кайда бара албай калат», — деди ал.

Паркты сактап калыш үчүн коңшулаш үйлөрдүн жашоочулары биригишти. Алар бактарды кыюуну, «Слоники» паркына имарат салууну токтотууну талап кылышууда. Тургундар мэрияга жана прокуратурага кайрылмакчы.

Сквер-парк жайында ушундай көрүнөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Кайра куруубу же бузуубу?

«Слоники» паркы бузулаар-бузулбашын билиш үчүн Kloop.kgнин журналисти TS-Group компаниясынын башчысы Мирлан Рыскуловго кайрылды.

Директор райондун эскизин көрсөтүп, парктын ордуна имарат курбай эле аны кайрадан куруп чыгууну пландап жатканын айтты. Анын сөзү боюнча бактар паркты калыбына келтирүүнүн жүрүшүндө кыйылган.

Мирлан Рыскулов Бишкек мэриясынын 2009-жылдагы токтомуна таянууда, ал боюнча курулуш компаниясы жакын жайгашкан футбол талаасын калыбына келтирип, ал жакта жергиликтүү тургундар үчүн тренажерлерди орнотушу керек.

«Жергиликтүү жашоочулар тоскоол болгондуктан биз эч иш баштай албай жатабыз. Курулуш мыйзамдуу. Бизде ал тургай айрым тургундардын кол белгилери бар, ал жерде жашоочулардын көпчүлүгү «Слоникинин» кайра курулушуна жана футбол талаасынын салынышына, балдар үчүн тренажерлер орнотулушуна макул», — деди ал.

Сквердеги бактарды куруучулар кыйып салышты. Сүрөт: Александра Титова

Маалыматты кайра текшериш үчүн 6-январда Kloop.kgнин журналисти курулуш компаниясына батир сатып ала турган адамдын ролунда болуп телефон чалып көрдү.

Компаниянын өкүлү батир ала турган киши менен маанилүү жаңылыктарды төкпөй-чачпай бөлүштү. Мисалы, TS-Group курулуш компаниясы кантсе да сквердин ордунда бийик имарат салууну пландап жатканы белгилүү болду.

Имараттын курулушун башташ үчүн «Слоники» паркын эки айдын ичинде бузуу пландалууда.

Паркты бузган атышат. Же көчүргөн атышабы? Сүрөт: Александра Титова

Kloop.kg кайрадан мурда журналистти «парк калыбына гана келтирилет»  деп ишендирүүгө аракет кылган курулуш компаниясынын Мирлан Рыскуловго комментарий сурап кайрылды.

«Ал жакта эч кандай парк жок, бүгүн сквер, эртең корук болот, — деди Мирлан Рыскулов. — Билбейм, өзүңөр ал жерде болбосоңор керек, ошондуктан өзүңөр деле билбейт окшойсуңар».

Рыскулов парк турган жерге имарат салынаарын ырастады.

«Ал жакта турак үй курулат, аны эч ким деле танбайт», — деди ал.

Анын айтымында, «Слоники» паркын кайра калыбына келтирүү менен «Онурхан» курулуш компаниясы алек болот.

«”Слоники” ордунда эле калат. Болгону жерди үнөмдөш үчүн натыйжалуураак жайгаштырылат», — деди ал.

Пилдердин айкелдеринин ордуна турак үй салынганы жатса, алар кантип «натыйжалуураак жайгаштырылаары» түшүнүксүз. «Натыйжалуураак жайгаштырылганы» эмнеси — ал да түшүнүксүз. Жаныбарлардын фигуралары жакынкы балдар аянтчасына же футбол талаасына көчүрүлсө керек — болбосо ал жакта башка жер жок.

Оюн зонасы акырындап курулуш аянтчасына айланып баратат. Сүрөт: Александра Титова

Курулушка Башкы прокуратура кызыга баштады

Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн тургундарынын кайрылуусунан кийин парктын ордуна салына турган имаратка Башкы прокуратура кызыга баштады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Бишкекбашархитектура, Бишкек мэриясы, Мамэкотехкөзөмөл жана жергиликтүү акимиат аларды парктын жана балдар аянтчаларынын ордуна эч нерсе салынбайт деп ишендиришкен.

Zanoza.kg басылмасынын маалыматы боюнча, прокуратура кызматкерлери

паркты жана балдар аянтчасын буза турган курулуштун мыйзамдуулугун тез арада текшеришет.

ТЕМА БОЮНЧА: