Казакстан Кыргызстандан Орусияга бараткан темир жол транзити үчүн тарифти азайтты

«Казакстан Темир Жолу» өз аймагында Кыргызстандан Орусияга жүк ташуу тарифтерин мөөнөтүнөн мурда үч эсе азайтты. 2017-жылдын январынан тартып Казакстан Кыргызстандан автоунаа менен сүт жана эт азыктарын транзит менен алып өтүүгө тыюу салган.

«Казакстан Темир Жолу - Жүк ташуу» акционердик коомунун президенти Оралхан Кулаков Астанада болгон брифингде жаңы тарифтер 10-январдан баштап күчүнө киргенин айтты.

«Кыргызстан ЕАЭБге киргендиктен «Казакстан Темир Жолу» жүк ташуу транзитине тарифтерди бир өңчөй тариф менен киргизүүдө. Ошондуктан алар бир өңчөй тарифке ээ болууга укуктуу. Негизи ал быйыл август айында эле киргизилиши керек эле, биз аны 2017-жылдын башында киргизебиз деп былтыр убада бергендей эле киргиздик», - деди ал.

Анын айтымында Луговая станциясынан Илецк станциясына чейин рефрижиратордук вагондо бир эле вагондо жүк ташуу 5155 доллар турчу. 10-январдан баштап ушул эле маршрут 1 820,7 доллар турат.

Кулаков тарифтердин азайышынан жоголгон 42 миллиард тенге Кыргызстан үчүн жүк ташуунун үч эсе арбышы менен компенсацияланарын түшүндүрдү.

Казакстан 2016-жылдын декабрынын аягында кыргыз ишкерлерине өз аймагы аркылуу фитосанитардык көзөмөлдөн өтүшү зарыл болгон жүктү — негизинен эт жана сүт азыктарын — автоунаа менен ташып өткөрүүгө тыюу салган.

Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын өкүлү автоунаанын жардамы менен Казакстан аркылуу өтүүчү транзит Кыргызстан үчүн «экономикалык жактан ыңгайлуу» экенин, ал эми алардын аймагынан өткөн өндүрүм Орусияга барарын түшүндүргөн.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов 10-январдагы парламент жыйынында казак бийлигин тескерисинче эт жана сүт азыктарын темир жол транзити менен ташууга уруксат бергенин, бирок жакында эле сүт менен этти Казакстандан өткөрүү мүмкүн эмес болгонун айткан.

Сүрөт: «Азаттык»