Казакстан Кыргызстанга эт менен сүттү транспорттун бардык түрү менен ташып өтүүгө уруксат берди

Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Мырзахметов Казакстан аркылуу Кыргызстандан эт, сүт жана балык өндүрүмдөрүн транспорттун бардык түрлөрү менен ташып өтсө болоорун билдирди. Буга чейин Кыргызстандын 15 ишканасына Орусияга темир жол аркылуу гана өндүрүм ташууга уруксат берилген.

Бул чечим тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнө жазган катында Казакстандын премьер-министринин орун басары, айыл чарба министри Аскар Мырзахметов кабарлады.

«ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген бардык ишканалар өз өндүрүмүн темир жол аркылуу да, автоунаа транспорту менен да экспорттосо болот», — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Казакстан 2016-жылдын декабрынын аягында кыргыз ишкерлерине өз аймагы аркылуу фитосанитардык көзөмөлдөн өтүшү керек болгон жүктү — негизинен эт-сүт өндүрүмүн — автоунаа транспорту менен ташып өтүүгө тыюу салган.

Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын өкүлү автоунаанын жардамы менен Казакстан аркылуу өтүүчү транзит Кыргызстан үчүн «экономикалык жактан ыңгайлуу» экенин, ал эми алардын аймагынан өткөн өндүрүм Орусияга барарын түшүндүргөн.

Казак темир жолу 10-январдан тарта Кыргызстандан Орусияга транзиттин тарифин үч эсеге азайткан.

Тыюу «Бишкек Сүт» ААК, «Үмүт жана Ко» ЖЧК, «Ак-Жалга» ЖЧК, «Артезиан» ЖЧК, «Шин-Лайн» ЖЧК сыяктуу жана башка ири компанияларга тиешелүү болгон.

Сүрөт: Tengrinews.kz