Журналисттер Крымга барганы жана жарнаманы мыйзамсыз көрсөтүшкөнү үчүн Украина бийлиги өзүнүн аймагында «Дождь» телеканалынын иштешине тыюу салды. Орусия бийлиги өзү да каналдын ишин мурда токтотуп жүргөнүнө карабай, бул тыюуну «цензуранын парадоксалдуу акты» деп атады.

«Дождду» көрсөтүүгө тыюу Крымды Орусия оккупациялап алган аймак деп эсептеген Украина бийлигинин уруксатына карабай бул телеканал журналисттерди Крымга жиберип, өз эфиринде жарнаманы мыйзамсыз көрсөткөнү менен негизделди.

Орусиянын өзүндө да «Дождь» тосмолонгонуна карабай Орусия бийлиги Украинада телеканалдын берүүсүнө тыюу салынганын сындады.

Орусияда телеканал жаңжалдын борборунда калып бийлик тарабынан кысымга алынган. Ленинграддагы блокадага арналган 2014-жылкы сурамжылоодон кийин операторлор аны өзүнүн топтомунан чыгарышкан. Азыр Орусияда телеканал Интернеттен жана жандооч аркылуу берилет.

Украинанын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу маселелери боюнча Улуттук кеңещинин мүчөсү Сергей Костинский «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте трансляцияга ЖМКга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча салынганын тыюу айтты.

Костинскийдин айтымында, бир жылдык байкоодо Улуттук кеңеш «оор» деп эсептеген бир нече мыйзам бузуу табылган.

«Алар Орусиянын жарнамасын көрсөтүшкөн. Биз телеканалга түшүнүү менен мамиле кылып, алардан мыйзам бузулган учурларды оңдоп коюуну өтүндүк. Бизге андай жорук токтотулат деп убада беришти да, эки айдан кийин «Дожддун» жарнамасы жок украинче версиясы пайда болду. Бирок ал ошол бойдон Улуттук кеңешке келип түшкөн жок», — деди ал.

Костинскийдин айтымында, жарнаманы мыйзамсыз трансляциялоо — телеканалдын жалгыз айыбы эмес. Ал телеканалдын кабарчылары Крымга Украинаны кыйгап өтүп барып жүрүшкөнүн айтып берди. Телеканал Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааный тургандыгын көрсөттү деп эсептелген программалардын графикалык жасалгаланышы да мыйзам бузуу деп табылды.

«Дожддун» эфиринде «Эркектер дагы эмне жөнүндө сүйлөшөт?» жана «Коендердон да тез» аттуу фильмдер көрсөтүлгөн, аларда «агрессор-мамлекеттин укук коргоо органдары популяризацияланган», бул болсо Украинанын «Кинематография жөнүндө» мыйзамына каршы келет.

«Дожддун» жообу

Наталья Синдеева. Сүрөт: AFP

«Дожддун» башкы директору Наталья Синдееванын айтымында, Украинадагы бардык провайдерлер менен түзүлгөн келишимдердин шарты боюнча көрсөтүү IP-кошулма аркылуу түз коммерциялык жарнамасыз жүргүзүлгөн.

«Мен Украинанын Улуттук кеңеши ушундай чечим кабыл алганына абдан өкүнөм […] Биздин украиналык көрүүчүлөрүбүз "Дождду" биздин сайт, Smart TVдагы биздин тиркеме жана башка таркатуу каналдары аркылуу көрө алышат деп үмүт кылам», — деди ал.

Синдееванын айтымында, Украинанын Улуттук кеңешин алар телеканалдын украинче версиясы тууралууу 2016-жылдын 8-августунда кабардар кылышкан. Бирок Украинанын мыйзамдарына телеканалдын мазмуну туура келбей тургандыгы тууралуу дооматтар түшкөн эмес.

Украинанын картасын бузуп көрсөүү боюнча телеканал Орусиянын мыйзамдарын жетекчиликке алган.

«Орусия Федерациясынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Крым Республикасы Орусия Федерациясынын субъекти болуп эсептелет», — деди Наталья Синдеева.

«Украина тараптын тескери позициясы»

Дмитрий Песков

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинада «Дожддун» көрсөтүлүшүнө бөгөт коюу тууралуу Киевдин чечимин «тескери багытты улантуу» деп атады.

«Украина тараптын тескери багыты улантылууда», — деген Песковдун сөзүнөн телеканалдын сайты үзүндү келтирди.

Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Украинанын Улуттук кеңешинин чечимин «жол берилбей турган нерсе» деп атады.

«Мен буга жол бергенге болбойт жана бул сөз эркиндиги бузулуп жаткандыгынан кабар берет деп эсептейм […] Менимче, бул жерде мээде мүшкүл болсо керек», — деди ал «Дождь» менен болгон маегинде.

Думанын ЖМК боюнча комитетинин башчысы Леонид Левин («Справедливая Россия») өз кезегинде каналды көрсөтүүгө ал Орусияныкы болгону үчүн гана тыюу салынды деп эсептейт.

«Паранойя ушунчалык өтүшүп кеткендиктен, көрсөтүүгө тыюу салуу тууралуу чечим ал ЖМК Украинанын саясатын кандай чагылдырганы үчүн эмес, ал ЖМКнын Орусия Федерациясынын аймагында катталганы үчүн кабыл алынган окшойт», — деди ал.

«Дождду» көрсөтүүгө бөгөт коюу тууралуу Киевдин чечими тууралуу тышкы саясий мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова да комментарий берди. Ал муну «парадоксалдуу цензура аракети» деп атады.

«Дождь» телеканалынын тең кожоюну жана инвестору Александр Винокуров ТИМдин өкүлүнүн билдирүүсүнө «Твиттерде» комментарий берди.

Орусиянын өзүндө телеканал оппозициячыл деп эсептелип, аны сыналгыда көрсөтүүгө бөгөт коюлган.

Коомдук түйүндөрдөгү талкуу

Коомдук түйүндөрдө колдонуучулар арасында мындай чечим канчалык деңгээлде өзүн актай тургандыгы жөнүндө талаш чыкты.

ТЕМА БОЮНЧА: