Бишкекте майыптар үчүн дааратканалар пайда болду

Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эки муниципалдык даараткана орнотту. Үч кабиналуу дааратканалар Разаков жана Киев көчөлөрүндө жайгашкан, коляска үчүн бош орундардан тышкары анда пандус жана атайын кармагычтар каралган.

Азырынча Бишкек мэриясы майып адамдар үчүн эки даараткана орнотту. Дагы 18 даараткана орнотуу пландалууда. Кирүү акысы он сом.

Алардын бири Разаков көчөсүндө жайгашкан, тарых музейинин түндүк-чыгыш тарабында. Экинчиси Киев көчөсүндө Ала-Тоо аянтынын чыгыш тарабынан орун алган.

Дааратканада үч кабина бар. Анын ичинде майыптар үчүн өзүнчө кабина каралган: ал пандус менен жабдылып, колясканы коюу үчүн жана коляскадан унитазга отуруш үчүн өзүнчө бош жер бар.

16106088_1809442952662113_216139765_o

Андан тышкары кол жуу үчүн атайын кармагычтар бар.

Дааратканалар «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын балансында турат жана учурда толук тартипте иштөөдө.

Быйыл дагы 18 дааратканы төмөнкү даректерде орнотуу пландалууда:

  • Революциянын каармандары аянты, Пушкин-Тыныстанов көчөлөрүндө;
  • Горький атындагы сквер, Исанов көчөсүндө;
  • Чыңгыз Айтматова атындагы парк, Абдумомунов-Раззаков көчөлөрүндө;
  • Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүндө;
  • Тоголок Молдо атындагы сквер, Москва көчөсүндө;
  • Ала-Арча-Махатма Ганди көчөлөрүндө;
  • Рыскулов-Коёнкөзов көчөлөрүндө;
  • Дайыр Асанов атындагы жеңиш паркы;
  • Маданият паркынын аймагында, Аалы Токомбаев көчөсүндө;
  • Ататүрк паркынын аймагында, Шакиров көчөсүндө;
  • Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварында;
  • Айни-Дагестан көчөлөрүндө;
  • Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварында;
  • Фучика атындагы парктын аймагында, Фучика көчөсүндө;
  • Ибраимов көчөсүнөн RedCentre соода борборунун чыгыш тарабында;
  • Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүндө;
  • Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрүндө.

ТЕМА БОЮНЧА: