ИИМ: Соттолуп-соттолбогону боюнча аныктаманы эми интернеттен алса болот

Соттолуп-соттолбогону боюнча аныктаманы 14-январдан тарта интернет аркылуу алууга болот. Арыз жазып калтыргандан кийин он күндүн ичинде аныктама акысыз берилет.

Аныктаманы алуу үчүн арызды emvd.gov.kg сайты аркылуу же атайын терминалдын жардамы менен жөнөтүүгө болот.

Учурда терминал Бишкекте Разаков көчөсү, 63 дарегинде орнотулган (Жумабек көчөсү менен кесилиште).

Арыз ИИМге жөнөтүлүп, ушул эле мекеме тарабынан текшерилет. Он күн өткөндөн кийин соттолуп-соттолбогону боюнча аныктаманы бекер алууга болот.

Эгерде аныктама тез арада керек болсо, анда белгиленген сумманы төлөө керек. Муну да терминал аркылуу кылууга болот.

Аныктамага 180 сом төлөп, аны үч суткадан кийин алса болот, 230 сомго — бир сутканын ичинде.

Система өкмөттүн алдындагы МККнын маалымат базасы менен байланышта иш алып барып, жеке маалыматтар арыз жазуучунун идентификациялык номери аркылуу автоматтык түрдө толтурулат.

Арыз бергенден кийин маалымат ИИМдин базасына өткөрүлүп, андан соң арыздын негизинде иш алып барылат.

Аныктама алууга арызды толтуруу үчүн:

  • ИИМдин мамлекеттик кызматтар электрондук порталына кирүү керек;
  • «Кызматтар» бөлүгүн тандап, аныктама алуунун мөөнөтүн тандоо керек;
  • Паспортто көрсөтүлгөн персоналдык номерди жазып, шаарды тандап, телефон номерди калтыруу керек;
  • Эгерде бекер кызмат түрү тандалган болсо, анда система күн жана саатын көрсөтөт. Эгерде акча төлөнгөн түрү болсо, анда QuickPay терминалы аркылуу керектүү сумманы төлөп, билдирүүнү күтүү керек;
  • Көрсөтүлгөн күнү жана саатта аныктама берген жерге паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен баруу керек.

Мекеме кабарлагандай, жарандар жакынкы аралыкта керектүү аныктамаларды өлкөнүн облустарындагы ички иштер башкармалыктарынан да ала алышат.

Азыркы тапта соттолуп-соттолбогону тууралуу аныктаманы төмөнкү даректер боюнча алууга болот:

  • Бишкек, Разаков көчөсү, 63 (Кыргыз Республикасынын ИИМинин КИББ);
  • Ош, Алиев көчөсү, 128 (Ош ИИБ);
  • Жалал-Абад, Шопоков көчөсү, 35 (Жалал-Абад облустук ИИБ);
  • Нарын, Ленин көчөсү, 27 (Нарын облустук ИИБ);
  • Талас, Турдалиев көчөсү, 191 (Талас облустук ИИБ);
  • Каракол, Кутманалиев көчөсү, 146а (Ысык-Көл облустук ИИБ);
  • Баткен, Разаков көчөсү, 4 (Баткен облустук ИИБ).

ТЕМА БОЮНЧА: