Yмөт Дөөлөтов үч жашынан бери «Манас» айтат. Азыр ал он жашта болгонуна карабай бир нече сыйлыктын ээси: президенттердин алдында чыгып «Манас» айтып, маданияттын мыктысы наамына татыган. Кичинекей манасчы тоолордун арасындагы суусу, жарыгы жана газы жок кичинекей үйдө жашайт.

Кара тору бала жылмайып, көзүн жүлжүйткөндөй түрү бар. Бир мүнөттүн ичинде эле анын жүзүнөн жылмайганы кетип, көздөрү олуттуу карап, чоң жана акылман кишиге айланып калды. Андагы эч качан өзгөрүлбөгөн нерсе — бир гана анын көздөрүндөгү учкун болчу.

Жаш Yмөт өзүнүн ата-бабаларын тартып манасчы болуп калган. Бул талант муундан муунга өтүп олтуруп Үмөткө да өткөн. Ал «Манас» эпосунан өзү эле үч жашында айта баштаган. Ал транска кирип, эпостогу окуялар көз алдынан өтүп, көргөн окуяларын айланасындагыларга айтып бере баштаган.

Үч жарым жашында ал Нооруз майрамында эл алдына чыгып алгачкы жолу «Манас» айткан. Төрт жашында биринчи жолу президент Роза Отунбаеванын алдында «Манас» айткан. «Ал мага жүз доллар берген», — деп эстейт Yмөт.

Андан кийин ал бир канча жолу саясатчылардын, академиктердин жана чет элдик коноктордун алдына чыгып «Манас» айткан. Ал беш жашында президент Алмазбек Атамбаев менен биринчи Москвага барып, андан соң Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаевдин алдында «Манас» айткан.

Үмөт 2013-жылы башка манасчылар жана Карганбек Самаков менен бирге Азербайжанда өткөн ЮНЕСКОнун конференциясына барган. Карганбек Самаков «Манас» үчилтигин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго киргизүү боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы болгон.

«Мен сегиз жашымда Карганбек ата менен Азербайжандагы ЮНЕСКОго баргам. Ал жерде кытайлыктар "Манасты" өзүнүкү кылып алайын деп атышкан экен, алар өзгөчө жана кооз кийинип алышкан болчу. Кийин мен алардын алдына чыгып "Манас" айтып бердим. Биз жеңип, эпосту биздики деп таанышты. Эгер муну кылбаганыбызда, анда «Манасты» кытайлыктардын менчиги деп эсептешмек», — деп айтып берди ал.

«Саякбайдын өнөктөшү»

Шамдагай жана жүнү тирүү бала маек куруп жатып ордунда отурган жок. Анын ичиндеги энергиясы «Манас» эпосунда канча сап болсо, ошончодой туюлуп жатты. Ал чын жүрөктөн жана ачык эле олтуруп, камерага тартып жатканда, ойноп же үнүн өзгөртүүгө аракет кылган жок.

Дүйнөдөгү эң узун эпосту айтуу жөндөмүнө ээ болгон Yмөт жолугушуу убагында кадимкидей эле шайыр баладай болуп жүрдү.

Yмөт Ысык-Көл облусуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы мектептин 5-классында окуйт. Мектептеги «ардак бурчу» анын ар кайсы президенттер менен түшкөн сүрөттөрү менен жасалгаланган.

Анын айтымында, классташтары менен мугалимдери аны менен сыймыктанып, аны Саякбай Каралаевдин «өнөктөшү» деп атап коюшат.

«Мен жакшы окуйм. Баарына жетишем. Мектепте досторум көп, баары менен достошом. Кыздарыбыздын баары сулуу», — дейт ал.

Кичинекей манасчы ырахаттануу менен «Манас» эпосу тууралуу айтып берет, ага жана жасаган ишине көңүл бурган жагат. Жакында эле Үмөт манасчы Саякбай Каралаев тууралуу фильмге тартылып, манасчынын балалык кезин ойногон.

Үмөттүн айтымында, сүрөткө жана видеого тартып жатканда ага бир эле кыймыл аракетти кайталоого мажбурлаганы жакпайт, бирок Саякбай Каралаев тууралуу тартылган фильмде ал баарына чыдоого даяр болгон.

«Мен Саякбай тууралуу фильмге тартылып, бир кыймыл аракетти жүз жолу кайталоого да даяр болгомун», — деди ал.

Ал улуу манасчы болууну жана достору менен дүйнө жүзүн кыдырууну кыялданат.

«Мен Саякбай Каралаев сыяктуу улуу манасчы болууну кыялданам. Мага "Манас" айтуу кыйын эмес. Мен "Манас" айтып бүтүп калганда кичине аба жетпей чарчап калам, бирок токтобой уланта бергим келет», — дейт ал.

Ал футбол ойнош үчүн досторуна чуркап кошулуп кеткиси келип жатты. Аны классташтары өтө жакшы көргөнү жана сыйлаганы байкалып турду. Бул анын шайыр жана жеңил мүнөзү үчүн болсо керек.

Yмөттүн бир кыялы бар — футболчу Лионель Месси менен кезигип жолугушуу. Анын жадагалса өзүнүн кумирикиндей болгон футболдук формасы бар — аны UNICEF уюму белекке берген. Ал эми анын өз тобу жок.

«Мен футболду өтө жакшы ойном жана мага бул өтө жагат. Менин сүйүктүү футболчум — Месси. Мен Мессиге баргым келет», — дейт жаш манасчы.

Сыйлыктар бар, газ болсо жок

Үмөттү апасы Бактыгүл Кыдырмышева 43 жашында жарык дүйнөгө алып келген.

Кичинекей манасчы үй-бүлөдөгү үч уулдун кенжеси. Эки агасы Бишкекке кеткен, Үмөт болсо ата-энеси менен Ысык-Көлдөгү айылда турушат. Апасы баласын тарбиялап үйдө эле, үйдө иштеген бир гана атасы. Үйдүн кожоюну «Аврора» пансионатында невропатолог болуп иштейт.

Үй-бүлө толук салынып бүтө элек жана газы, жарыгы жана суусу жок үйдө жашайт. Бул үйдү аларга мамлекет бөлүп берген, буга чейин алардын өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү болгон эмес.

Ысык-Көлгө Дөөлөтовдордун үй-бүлөсү Нарындан 2008-жылы көчүп барган. Ага чейин Нарында да алардын үйү болгон эмес. Ысык-Көлгө көчүп келген үй-бүлө көп убакытка чейин ижарага батир алып жашаган. Кичинекей манасчынын үй-жок экенин уккан бизнесмен Аскар Салымбеков ага жардам берүүнү чечкен.

«Аскар Салымбеков 2014-жылы эч кимден үй сурабай эле коюубузду жана ал бизге үй алып берээрин айткан. Бизди үй тандагыла дегенде, биз убактылуу бир үйдө жашап туруу үчүн эки айга 100 доллар ижара акысын төлөп, анан үй сатып алып чыгып кетээрибизди айтканбыз», — деди Бактыгүл.

Анын айтымында, Салымбеков чындыгында алар тандаган үйгө бир адамды жөнөткөн. Бирок кийин бизнесмен Лондонго учуп кетип, Дөөлөтовдор үйсүз калышкан. Үйдүн ижарасы дагы аяктап бараткан болчу.

«Ошол убакта Салымбеков Лондондо болчу. Биз ага телефон аркылуу байланышка чыкканбыз. Бизди үйдөн чыгарып жатканын айттык. Бизге үй алып бере алабы-жокпу деп сурадык. Ал ооба деп, бирок барыбир сатып алып берген жок», — деп айтты ал.

Кичинекей манасчы Үмөттүн турак-жайынын жоктугу маселеси боюнча орусиялык депутат жана окумуштуу Михаил Залиханов да кызыккан, андан кийин экс-президент Роза Отунбаева да.

«Залиханов Саякбай Каралаевди көзү тирүүсүндө жанынан көргөн экен. Ал Үмөттүн "Манас" айтканын угуп, анын Каралаевге окшош экенин, Саякбай өлбөй эле тирүү жүргөнүн айткан. Ал президент аппаратындагы балдарды чакырып, бизге үй берүүсүн айткан», — деп айтып берди Yмөттүн апасы.

Залиханов Отунбаевага кичинекей манасчыга үй берүү өтүнүчү менен кайрылып, Отунбаева ошол айыл өкмөттүн башчысына ушул эле талап менен катты жөнөткөн.

Ошондо аларга азыр алар жашап жаткан жер тилкесин бөлүп беришкен. Бул тоолордун арасындагы түз эмес жер тилкеси коммуникацияга жеткиликсиз болгон.

«Биз араң жерди түздөгөнбүз, антпесе үй кыйшык салынып калмак. Бул жерде тоодо суу да, электр жарыгы да жок. Ошондуктан мындай жерлерде эч ким үй салгысы келбейт, ал эми биздин болсо башка айлабыз деле жок. Суу алыш үчүн башка жерге барууга туура келет. Азыр үй дагы эле салынууда, эч бүтүрө албай жатабыз», — дейт Бактыгүл.

Үмөттүн апасы Бишкектен жок дегенде бир бөлмөлүү батир бөлүп берсе деп кыялданат. Алар тез-тез Бишкекке барып, коно турган жер издөөгө туура келет. Мындай сапарларга да үй-бүлө өз каражаты менен барууга туура келет.

«Бизди атайын кайсы бир жерге чакырып, Үмөттүн 1-орун алганын айтышат. Биз кантип барбай коёбуз, эптеп акча таап барып келебиз», — дейт ал.

Yмөт болгону он жашта. Бирок ал жашоодо эмне каалаганын билет. Кичинекей бала «Манас» эпосун айткан ата-бабаларынын алдындагы жоопкерчиликти түшүнүп турганын айтат. «"Манас" айтуу маңдайыма жазылган», — дейт мектеп формасын кийиген тентек бала биз менен коштошуп жатып.

Монтаж: Арсений Мамашев

ТЕМА БОЮНЧА: