Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кылмыш төбөлү Азиз Батукаев быйыл сентябрда өз жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин Орусия аны Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Кылмыш төбөлүн өткөрүп берүүгө даяр экени жөнүндө Чайка Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен жолугушуу учурунда билдирди.

Азыр Батукаев Орусияда Чеченстандын № 2-түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. 2014-жылы аны Грозныйдын Ленин райондук соту ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү үчүн үч жылга эркинен ажыраткан.

Анын жаза мөөнөтү 2017-жылдын 2-сентябрында аяктайт. Ошондон кийин Орусия тарап кылмыш төбөлүн өткөрүп берүү жөнүндө маселени карай баштайт.

Кылмыш төбөлү Азиз Батукаев 2014-жылы Кыргызстандан Грозныйга кеткен — аны Кыргызстандын Нарын шаардык сотунун бошотушу 2014-жылдагы негизги жаңжалдардын бири болуп калган.

Аны бошотууга атайын медициналык комиссия жана катаал режимдеги № 24-колониянын дарыгери коюп берген «кандын күчөгөн лейкозу» аттуу дарт белгиси негиз болгон.

Сот өз чечиминде эгерде камактагы кишинин оорусу катуу экени аныкталса аны мөөнөтүнөн мурда бошотуууга жол берген Кылмыш-процессуалдык кодексинин 363-беренесине таянган.

Батукаев Кыргызстандын тарыхында оорусуна байланыштуу камактан чыккан биринчи адам болуп калды.

Ал кезде атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Батукаевди бошотуу мыйзамсыз деп табылган. Анда Башкы прокуратура жана парламент депутаттары өкмөттүн беш мүчөсүн, Акыйкатчыны жана Нарын шаардык сотунун төрагасын кызматтан бошотууга кеңеш беришкен.

Батукаев бир катар беренелер боюнча, анын ичинде жапырт баш-аламандык уюштуруу жана мыйзамсыз курал сатуу үчүн 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган.

Башка кылмыштары менен катар ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы колонияга келишкен депутат Тынычбек Акматбаевди жана бир нече аткаминерди өлтүргөн адам катары да айыпталган.

ТЕМА БОЮНЧА: