Учак кыйраган жерге биринчилерден болуп куткаруучулар, врачтар жана журналисттер жетишти. Трагедияны өз көзү менен көргөндөрдүн арасында биздин кабарчы Регина Им бар болчу.

Kloop.kgнин кабарчысы Регина Имдин баяны.

Таң эрте мененки учур. Жүк ташуучу учак кыйраганы тууралуу кабарды угаарым менен, шашып-бушуп кийинип алып жумушка чуркадым. Чуркап баратып эч ким жабыркабаса экен деп тиленем. Балким, учкучтары да амандыр, ал эми учакта жүргүнчүлөрү жок болчу.

Редакциядан түз эле кырсык болгон жерге жөнөдүк. Учактын кыйрашы тууралуу маалымат беришибиз керек, учкучтар аманбы, кантип, эмне үчүн учак кулаганын билишибиз керек.

Жолдо баратып учак адамдар бейкапар уктап жаткан, жаңы күндүн башталышын күтүп жаткан айылга кулаганын уктук. Үйүм — менин чебим деп, эч бир жамандык күтпөгөн адамдар терезеден учактын чоң дөңгөлөгү учуп кирээрин эч бир ойлошпосо керек. Катастрофа тасмаларында болгондой.

Мурдуң учун көрө албаган коюу туман дагы буга кошулуп… Учактын кыйрашы тууралуу ЖМКларда эч бир так маалымат жок алиге чейин. Радиодогу аба ырайы тууралуу маалыматтар шайыр ырлары менен коштолууда. Айылга кире баштадык. Эң жаман жоромолдорубуз чындык болуп чыкты: учак чын эле адамдар жашаган турак-жайларга кулаптыр.

Жүрөгүбүз кысыла түштү — бул апокалипсис тасмаларындагы сюжет эмес эле, чыныгы болгон окуя болуп жатат. Бул адамдардын өлүмүн алган, көз жаш, ый, жоготуулар аралаш чындык. Бирок, биз ошондо да, трагедиянын чыныгы масштабын жакшы аңдай албаптырбыз.

Атайы кызматтын машинелеринин көптүгүнө жолдон өтө албайсың. Трассанын бир жагына кошуна айылдын тургундары катар тизилип алып, бактардын ар жагынан көтөрүлгөн кара түтүн туманга сиңип жатканын карап турушат. Алар турган жерден кырсык болгон аймак кандуу согуштан кийинки майдан талаага окшошуп кетет эле. 

Түтүн чыккан жерге багыт алдык. Улам алдыга жылган сайын жүздөрүн сарсанаа баскан адамдар көбүрөөк кездеше баштады. Жүрөк тушубуз бошой түшкөнсүп, демибиз кысыла түштү.

крушение боинга (25)

Адамдардын эң чоң тобуна жакындадык — алар журналисттер, жергиликтүү тургундар, кырсыкка күбө болгондор, жабыр тарткандардын туугандары эле. Алардын ары жагынан бизге алаамат болгон жер ачылды.

***

«Боингдин» куйругунун үч кабат үйдөгүдөй өлчөмдөгү сыныгы талкаланып сынган үйдүн арасында килдин калдыктарына таянып жатат. Анын айланасында ачык саргылт түстөгү кийимчен адамдар сыныктын алдынан чыгып жаткан кочкул-кара түтүн менен алектенишүүдө.

Алдыда кордон. Анын периметри боюнча турган тоңуп үшүгөн журналисттер жана да башка адамдар, кырсык болгон жерден көздөрүн албай карап турушат. Сыныктарды алып ташыганга жардамын сунуштап бирөө келди. Каза болгондордун жакындары да келе башташты. Бирок аларга дагы ары жакка өткөнгө уруксат берилген жок.

Ары жакта бирөөнүн боздогон ыйы чыкты. Улгайып калган аялды эки бала эки жагынан таяп алып келишти. Уулдары окшойт. Ыйын токтото албаган аял милиционерлерге жулунуп, аны ар жагына өткөрүп коюсун улам-улам өтүнөт: «Ал жакта менин туугандарым калды, мен аларды табышым керек!»

Ошол жерде тургандардын бардыгы, милиционерлер да, эмне кылаарын билишпей шашкалактап калышты: бири-бирине карай-албай көздөрүн алып качышат. Букадай олчойгон, бирок көздөрү жаш баланыкындай күзөттө тургандардын бири: «Эже, бардыгын табабыз. Сизге аякка өткөнгө болбойт, түшүнсөңүз», — деп эжени сооротуп, тынчыткысы келди.

Аял тынчый албай улам-улам ары жакка өткөнгө далалат кылат. Бирөө аялдын бул алсыз аракеттерине карай албай көзүн катса, башкасы тескерисинче аялдан көзүн албай, башын чайкап кейип жатты. Бир маалда аялдын ыйы басылып, жерге жай кулай баштады. Аны сүйөп, таяп калышты. Бир аздан соң чуркап келаткан врачтар көрүндү. Көп өтпөй аялды тез жардам машинесине салып алып кетишти. Топтогу адамдар жеңилдей түшкөнсүдү.

***

Кыйраган учактын башка калдыктарын табалы деп курчоодо тургандардын башка жагынан чыгалы дедик. Аэропорттун дубалын бойлоп айылды айлана баштадык. Учактын куйругу сегизинчи менен тогузунчу көчөлөрдүн ортосунда жатат эле. Биз төртүнчү көчөдөн учкучтардын кабинасын таптык.

Бул жерде адамдар да, милиционерлер да азырак экен. Короолор аркылуу өтүп, милиционерлердин көзүнө урунбай кырсык болгон жерге жеттик. Көз алдыбызда толук панорама жатты. Фюзеляждын чоң калдыктарын көрөбүз го деген ойдо элек, анын ордуна ар кайсы жерде чачылып жаткан учактын майда калдыктарын көрдүк.

Бир жерде турбина менен дөңгөлөктөр жатат, алар ушунчалык чоң болгондуктан, жанындагы үйлөр оюнчук үйлөргө окшошуп кетет. Багаждык бөлүк болсо машиненин капотунун өлчөмүндөй сыныктар түрүнда ар кайсы жерде чачылып жатат. Көчөнүн аркы башында калдайган канаттын сыныгы бирөөнүн талкаланган үйүндө тамда илинип турган килемге такалып турат.

***

Курчалган чөлкөмдө аман калган үйлөр да бар. Сынган терезелеринен күйүп карарган буюмдарды көрсө болот, айрымдары дагы эле түтөп жатат. Сыртта үй эшигин алдында үй ээлери турушат. Жаңы гана эсине келишип, 3-4 саат мурун эле кошунанын үйү турган жердеги өрттү өчүрүп жаткан өрт өчүргүчтөрдүн аракеттерине муңайыңкы көз салышат.

«Мен неберелеримди мектепке алып бараткам, бир маалда ачуу үндү угуп калдым. Артыма кайрылганымда, караңгыдан өрт жалын каптаган учак пайда болуп, үйлөргө кулап, жарылды», — деп айтты айылдын тургуну Мария.

Айланабыз акыр заман тууралуу тартылып жаткан тасманын декорацияларына окшошуп кетет: түтөп жаткан калдыктар, алардын бир жагында жалбыраксыз карарган бактар болсо, башка жагында саман кыштан салынган жапыз үйлөр, балдардын кийимдери илинип турган кермелер… Мына ушунун баарын коюу тумандын кучагында.

«Катуу жарылган үн чыкты, жер силкине түштү. “Апа, терезелер күйүп жатат”, — деп кыйкырып калды неберем. Терезеге келсем кошуна көчөдөгү өрт көрүндү», — дейт Дача-СУ айылынын дагы бир тургуну.

Биз курчоодон чыктык. Айылдын көчөлөрү менен бараттык. Ар кайсы жерде топтошуп турган айыл тургундарын кезиктирип жаттык. Кырсык тууралуу угуп, көргөн-билгендери менен бөлүшүп жатышты. Бардык жерден укканыбыз:

— Кокуй ай, бир заматта эле бир үй-бүлө… алардын келини сегиз айлык боюнда бар эле.
— Катыгүн ай, ушунча бала-бакыра.
— Силер уктуңарбы, башын табышыптыр, а денеси жок, табылбайт дейт?
— Биздин айылды толугу менен көчүрөт дешет.

Учактын куйругу жаткан жерге кайтып келдик. Ал жерде куткаруучу кызматтардын штабын орнотушуптур. Медиктер менен куткаруучулар кыйроо зонасынан бети башы толук жабылган денелерди алып чыгып жатышты. Каза болгондордун саны тууралуу маалыматтарды журналисттер редакцияларына жиберип жатышы. Ар-бир толукталган маалымат — жүрөккө сайылган жебедей.

Суроолордун саны уламдан-улам өсүп барат.

— Калдыктардын астында дагы канча адам калышы мүмкүн?
— Эмне үчүн «Манас» туман болуп турса учакка отурганга уруксат берди?
— А эмне үчүн ушул эле түнү президенттин учагына отурганга уруксат бербей Тамчыдагы аэропортко жиберишти?
— Учуп-конуу тилкесине ушунчалык жакын жерде турак-жайларды салганга болобу?

***

Таң эртеден баштап ыкчам кызматтарынын миңдеген кызматкерлери кырсык болгон жерге келишти. Сууктан колдору тоңуп укпай калганга чейин тыным билбей иштешүүдө.

Ак халаттын сыртынан ачык түстөгү чыптаманы кийип алган кызматкерлерди хаки түсүндөгү эң чоң чатырдын жанында жана «Боингдин» куйругу жаткан үйдүн короосунда көрсө болот. Алар жабыр тарткандарды кабыл алып жатышат

Биздин жаныбыздан бети канжалаган бир киши ары-бери эки-үч жолу өттү. Үй менен чатырдын ортосунда чуркап жүрдү. Чекеден ылдый аккан каны катып калган эле.

Бул олбурлуу, бука моюн, алакандары чоң, маңдайы жазы 45 жаштагы киши эле. Кашын түйүп алып дендароо абалында экенин көрсөтпөгөнгө аракет кылат.

Кечки саат төрткө жакын талаа кухнясы пайда болду. Тоңуп калган милиционерлер, куткаруучулар жана медиктер кезектешип шам-шум этип жатышты. Үшүгөн колдору менен жеп жаткандарын араң кармашат, ишке кайра киришкени шашылышат.

Бир сааттан соң Бишкектен мындай кырсык болгондо жөн жай отура албагандардын биринчи толкуну келди. Алар өзүлөрү менен ысык тамак, чай, жылуу кийимдерди ала келишти. Коробкалар, баштыктар штабга жеткирилип жатты.

Трагедия, лакмус кагазы сыяктуу, адамдын эң жакшы сапаттарын ачык даана көрсөтөт. Көрсөтмөлөрдү алыш үчүн штабга шашылган ыктыярчылардын аягы көрүнбөйт.

***

Саат 18:30да биинчи вице-премьер министр журналисттер менен жолукту. Жасалып жаткан иштер, кырсыктын себебин аныктоо процесси тууралуу маалыматтарды берди. Таап-издөө иштеринин жыйынтыктарына келгенде анын бети түнөрө түштү.

Бир айткан сөзүн улам кайталап, мукактанып атып каза болгондордун сөөктөрүнөн сырткары тогуз «айрым бөлүктөр» табылды деди, «каза болгондордун» дегенге даай албады окшойт.

Машине менен болгон салгылашта жакшы кабар да болду.

«Урандылардын алдынан бир кишини алып чыктык. Өлүмдөн куткарып калганга үлгүрдук, азыр ал ооруканада», — деди биринчи вице-премьер.

Анын билдирүүсүнөн кийин журналисттер акырындан таркай башташты. Иштеп жаткан куткаруучулардын кийиминдеги жарык чагылдыргычтар караңгыда жалт-жулт этип калып жатты. Медиктер тез салына калган эки госпиталдын ортосунда чуркап жүрүшөт. Милиция курчоонун чегин кайтарып турат.

***

Үйгө биз түтүн жыттанып, уккан, көргөнүбүздү эч качан унута албагандай болуп келдик. Радионун жаңылык түрмөгү толугу менен кыйраган «Боингге» арналды. Жаңылыктан соң муңайыңкы гана чыгармалар.

Биз таптакыр башка Бишкекке кайтып келдик. Бардык жерде аза сезилип жатты: желектер түшүрүлгөн, борбордук аянтта адам көрүнбөйт. Бардыгынын сөз кылганы «Гонконг-Бишкек-Стамбул жүк ташуучу учагы».

Биз калдыктардын, урандылардын арасында 12 саат болдук. Бирок баары бир азыркыга чейин кырсыктын чын эле болгонуна кээде ишенбей кетебиз.

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев

ТЕМА БОЮНЧА: