«Манас» аба майданынын жанындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жардам бергиңер келеби? Каражатты которууну кимге ишенип табыштаарыңарды билбей жатасыңарбы? Биз эң ыңгайлуу жана сыналган ыкмаларды бир материалга топтодук.

«Манас» аба майданынын жанында жүк ташуучу учактын кулашы жарандык жигердүүлүктү болуп көрбөгөндөй күчөттү.

Каргашанын эртеси эле жабыркагандарга жардам көрсөтүү менен алек болгон уюмдар буюм чогултуунун зарылдыгы жок экенин билдиришти.

Бирок жабыркагандарга акча дагы бир топ убакытка чейин керек болчудай.

Каражат чогултуу боюнча дароо бир нече акция жарыяланган, бирок биз «Жардам берген оңой» аттуу кайрымдуулук фондуна көңүл топтойбуз, ал буга чейин чогулган 1,6 миллион сомдон ашуун каражатты бөлүштүрө баштады (бул суммага фонд өзү чогулткан жана «Coffee» кофеканалар түйүнү менен «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясы жыйнаган каражаттар кирет).

Фонддун жетекчиси Динара Аляева Кыргызстанда кайрымдуулук иштери менен белгилүү (атап айтканда, ал «Биринчи балдар хосписин» негиздеген, бирок акыркы жылдары көп эле иштерди жасап, мисалы онкологиялык оорулууларга жардам берип келатат).

Бул уюмга ишенич абдан жогору, ошондуктан акчаңыз жабыркагандарга сөзсүз жетээринен кам санабай эле койсоңуз болот.

Кызыл жарым айдын ыктыярчылары.

Калган акциялар да маанилүү, бирок биз акча чогулткан бардык уюмдарга, мекемелерге жана компанияларга шилтеме берсек, каржылык жардамдын схемасы өтө эле баш аламан, татаал жана ар кошкон болуп калат.

Кыскасы, «Жардам берген оңой» фондуна кантип акча которсо болот?

«Элсом»

«Элсом» — бул Кыргызстанрдагы эң ири банктардын бири болгон Кыргыз инвестициялык-насыя банкына (КИНБ) таандык электрондук капчык кызматы.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүш үчүн «Элсом» капчыктын номери: 0556400400

«Элсомдун» эң чоң артыкчылыгы — силер капчыкты Visa системасындагы банк картасынын жардамы менен толтуруп ала аласыңар, андыктан дүйнөнүн кайсы жеринде жүргөнүңөр жана «Элсомдо» өзүңөрдүн эсебиңердин бар-жогу да таптакыр маанилүү эмес.

Болгону ушул шилтеме менен кирип, керектүү жерлерин толтурушуңар керек, андан соң өз карточкаңардын маалыматын көрсөтүп коюшуңар зарыл.

Эгерде Кыргызстанда болсоңор жана банк картаңар жок болсо, «Элсомдун» капчыгын көптөгөн төлөм терминалдары аркылуу, «Элсом» колдонмосу аркылуу, ошондой эле эгерде КИНБнин кардары болсоңор, интернет-банкинг аркылуу толтурсаңар болот.

Казакстанда да «Элсомдун» капчыгын Qiwi терминалдары аркылуу толтурса болот.

GoFundMe

GoFundMe — каражат топтоо боюнча дүйнөдөгү эң ири сайттардын бири. Авиакырсыктан кийин дароо эле анда жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бери дегенде эки өнөктүк ачылган.

Андан кийин өнөктүктөрдүн авторлору өз ара сүйлөшүп, жалпы эл үчүн алардын бирөөнү гана калтыруу тууралуу Динара Аляева менен келишип алышкан. (Экинчи өнөктүк акча топтоону улантып жатат, бирок эл көзүнчө эмес, өнөктүктүн авторунун досторунун гана арасында).

Бул жерде Кыргызстанда туулган Жанара Миг деген ат менен жазып жүргөн колдонуучу баштаган өнөктүккө шилтеме турат. Бул өнөктүк аркылуу чогулган каражаттардын баары Аляевага жана «Жардам берген оңой» фондуна которулат.

Бул акциянын максаты —  10 миң доллар топтоо, бирок албетте, андан ары деле чогулта берсе болот.

Банк картаңар болсо бул кызматты пайдалануу өтө оңой. Болгондо да «Элсомдон» айырмаланып, силер Visa карточкасынан гана эмес, Mastercard аркылуу да которсоңор болот.

Банк аркылуу которуу

Эгерде акчаны илгеркидей эле банк аркылуу которуу силерге ыңгайлуу болсо, төмөнкү реквизиттерди көрсөтүшүңөр керек:

Кабыл алуучу: «Жардам берген оңой» коомдук фонду / Helping Is Easy PF
Кабыл алуучунун эсеби:
Кыргыз сому (KGS): 1180000084603913
АКШ доллары (USD): 1180000084604014
Евро (EUR): 1180000084604115
Орусия рубли (RUB): 1180000084604216

Кабыл алуучунун банкы: Demir Kyrgyz International Bank (Bishkek, Kyrgyzstan)
Кабыл алуучунун банкынын дареги: 245, Chui Ave., Bishkek, Kyrgyzstan/Кыргызстан, Бишкек ш., Чүй пр., 245
SWIFT: DEMIKG22
БИК: 118005

Акча андан ары эмне болот?

«Жардам берген оңой» Улуттук Кызыл жарым ай коому менен кеңешип жардамга муктаж адамдардын эсептерине акча которууну пландап жатат.

Учак кыйрагандан кийинки талкаланган үйлөр.

Дагы бир жолу бардык маанилүү шилтемелер:

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу, Метин Жумагулов