«Боинг-747нин» кыйрашы: Түркиялык үч учкучтун сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Түркиялык үч учкучтун сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Төртүнчү учкучтун сөөгү Бишкектеги моргдо жатат, анткени ал тааныла элек.

Экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү Түркиянын Стамбул шаарына «Манас» аба майданынан жөнөтүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жамбулбек Жумагуловдун айтымында, төртүнчү учкучтун өздүгүн аныктоо улантылууда.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 24.kg маалымат агенттиги менен болгон маегинде төртүнчү болуп табылган учкучтун денеси катуу күйүп калганын айтты.

«Сөөк катуу күйүп калган жана моргдо жатат. Аныктоо жүрүп атат. Биздин жарандардан жоголгон же табылбай калган туугандары тууралуу маалымат түшкөн жок. Ошондуктан биз аны экипаждын төртүнчү мүчөсү го деп түкшүмөлдөп жатабыз», — деди ал.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болуп, дагы 13 киши ооруканада жатат. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Экипаждын үч мүчөсү дароо мүрт кеткен. Учкучтардын бирине учак кулаган жерде дарыгерлер кайра жан киргизип, бирок ал кийин Бишкектин ооруканаларынын биринде көз жумган.

Эл аралык авиациялык комиттеттин эксперттери авиакырсыктын себептерин иликтеш үчүн Кыргызстанга келишти.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу