Президенттин администрациясынын өкүлү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев авиакырсыкка байланыштуу эл алдында чыгып сүйлөбөгөнүн сөз кылууну «жөнү жок» деп атады.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgнин журналистине айткандай, президентти чыгып сүйлөбөй койду же «эл менен эмес экен» деп сындоо — «жөнү жок».

Үсөновдун айтымында, Атамбаев кырдаалды көзөмөлдөп турат.

«Кырсыктан кийин ал дароо эле курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Дароо эле мамлекеттик органдарга, өкмөткө тиешелүү чара көрүүгө тапшырма берди. Ошол эле күнү өзгөчө кырдаалдар министри [Кубатбек] Бороновду кабыл алды. […] Ошол эле күнү аза күтүү боюнча жарлыгын чыгарды. Каза тапкандарды жерге узатууга ар бир үй-булөгө 100 миң сомдон бөлүп берди», — деп Үсөнов президенттин аракеттерин санап берди.

Парламенттин мурдагы депутаты жана укук коргоочу Чолпон Жакупова президентти сындап, Атамбаевдин учак кырсыгынан кийин коомчулукка чыкпай жатканын айткан болчу.

«Кырсыкка кабылган жарандарга барып, колдоо көрсөтүү бул жакта турсун, телевизордон чыгып көңүл айткан жок. Президент муну менен өз элинин кайгысына ортоктош эместигин көрсөттү. Эл өз кайгысы менен жалгыз калды», — деди ал.

Атамбаев өзү бул жылды «адеп-ахлак жылы» деп жарыялаганына ишарат кылуу менен Жакупова президентти «адеп-ахлаксыз» деп атады.

«Мен натыйжада президенттин көз жашын көргүм келип жатат. Жок дегенде бир жолу эл менен кошо күйүт тартып жатканын көрсөтсүнчү. Эгерде ал мындай мамилесин көрсөтпөсө, анда бул адеп-ахлаксыздык. Адамдар өздөрү адеп-ахлак боюнча мыйзамдарды жазып, бирок ошону менен бирге эле адеп-ахлаксыз таң калаарлык мисалдарды көрсөтүүдө… башка сөзүм жок», — деди ал.

Кырсык болгондон бери Атамбаев элге көрүнө элек — ал кырсык болгон жерге жана курман болгондор жерге берилип жатканда барган жок. Бийлик да курман болгондордун элесине арнап чоң иш-чара өткөргөн жок.

Президент кырсыктан кийин дароо эле жабыркагандардын жана курман болгондордун туугандарына көңүл айтты, бирок аны сыналгыдагы билдирүү аркылуу эмес, өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу кылды.

Президент өзү Кытайдагы кыска эмгек өргүүсүнөн 15-январдан 16сына караган түнү, кырсык болоордун так астында кайтып келгенден бери элге көрүнгөнө элек. Атамбаевдин учагы Бишкектеги калың тумандан улам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аба майданына барып конгон.

«Боинг-747» жүк ташуучу учагы 16-январда «Манас» аба майданынын жанында таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал Дача-Суу дача кыштагынын үйлөрүн басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынан улам 38 киши курман болуп, дагы 13 киши ооруканаларда жатат. Курман болгондордун көпчүлүгү — жергиликтүү тургундар.

ТЕМА БОЮНЧА: