Текебаев: Кулап түшкөн учакта Кыргызстан үчүн аткезчилик жүк болгон

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев өкмөт «Боинг-747нин» кыйрашы тууралуу чындыкты жашырып жатат деп билдирди. «Манас» аба майданынын баракчасында учакта Кыргызстанга арналган жүк болбогону тууралуу билдирүү чыкты.

«Ата-Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев өкмөт «Боинг-747нин» кыйрашы боюнча чындыкты жашырышы мүмкүн экенин билдирди. Ал учак Кыргызстанга жүк жеткириш үчүн конушу керек болчу деп эсептейт.

Депутат түрк компаниясынан кат алганын, анда учак Бишкектен май куюуга зарылчылыгы болбогону, анткени анын учуш узактыгы 13 миң чакырымды түзөөрү жазылганын айтты.

Анын айтымында, учак келип түшүрмөк болгон жүк аткезчилик (контрабандалык) болгон.

«Бул аткезчилик жүк болгон. Казактар менен орусиялыктар бизге ишенбегени деле туура. Бизге товар же кургак аркылуу же авиарейстер аркылуу келген көзөнөктөр бар. Биздин жарандардын өлүмүнө себепкер болгон ал эмне деген жүк эле? Эмнени жашырып жатышат? Биз ушунун баарын аныктап чыгышыбыз керек», — деди ал.

Текебаев аткезчилик жүк үчүн киреше алышы мүмкүн болгон адамдар бар деп күдүктөнөт. Депутат учактын кыйрашына күнөөкөрлөрдү табыш керек деп эсептейт.

«Манас» аба майданы учакта Кыргызстанга арналган жүк болгону тууралуу маалыматты «Фэйсбуктагы» өзүнүн расмий баракчасында жокко чыгарды.

«Бул рейс “Манас” аба майданында техникалык мүнөздө гана конуп келген – ал майын толтуруп, экипажын алмаштырчу, анткени Түркиянын жарандык авиациясынын талабына ылайык экипаж 6 саат учкандан кийин алмаштырылышы керек», — деп айтылат билдирүүдө.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Болжол менен 1 гектар аянтка чачырап кетип, учактын сыныктары 26 үйдү талкалаган.

Учактын кыйрашынын алдын-ала себептери катары аба ырайынын начардыгы — көздү байлаган калың туман жана учкучтардын катасы айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА: