Казакстанда сайттарга чөнтөк телефондордун номерлери аркылуу авторизациялоо киргизилген жатат

man working on a smartphone in office close-up

Казакстандыктар өзүнүн телефон номерин калтырса гана интернетте комментарий калтыра алышат. Өлкөнүн бийлиги авторизация элди «жазаардын алдында ойлонууга» үйрөтөт деп эсептейт.

Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү боюнча министрлигинин өкүлү Михаил Комиссаров интернет-сайттарда авторизациядан кийин гана комментарий калтырууга уруксат берүү пландалып жатканын билдирди.

Башкача айтканда казакстандыктар адегенде өз телефон номерин сайтка каттап туруп гана пикирин жарыялай алышат.

«Телефон номерин киргизсеңер силерге коду бар СМС келет, ошондон кийин комментарий калтырсаңар болот», — деди Комиссаров.

Анын айтымында, мындай ыкма «маалымат согушуна жана улут аралык чатакты козгоого» бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет.

«Административдик же кылмыш иретиндеги мыйзам бузуу байкалса укук коргоо органдары ишке киришет», — деп кошумчалады аткаминер.

Улут аралык кастыкты козгоого каршы күрөштүн алкагында интернет колдонуучулар сайтта телефон номерин каттоого мажбурлана тургандыгы жөнүндө «Маалымат жана коммуникация маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА: