БУУнун Адам укугу боюнча улук комиссары Зейд Раад аль-Хуссейндин билдирүүсүндө, Чүй облустук сотунун укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин чечимине тикелей карама-каршы келет.

«БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин Аскаров мыйзамсыз камакка алынган, адам чыдагыс шарттарда кармалып турган, ага карата кыйноолор колдонулган жана ал өзүн коргоого тийиштүү даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк алган эмес деген чечимине соттун өкүмү тикелей карама-каршы келет», — дейт аль-Хуссейн.

Анын айтымында, бул соттук иш Кыргызстандын «сот жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтерди ачык-айкын көрсөтүп койду».

БУУнун Адам укугу боюнча улук комиссары Кыргызстанды дагы бир жолу Аскаровдун иши боюнча акыйкаттыкка жетиш үчүн аны «калыс, объективдүү» карап чыгууга чакырды.

«Аскаров боюнча чечимди жокко чыгаруу тууралуу Адам укугу боюнча комитеттин чакырыгын дагы бир жолу эске салып, акыйкаттыкка жетиш үчүн Кыргызстанды калыс, объективдүү жана тыкыр иликтөөнү жүргүзүүгө жана соттук териштирүүнү камсыздоого чакырам», — деди аль-Хуссейн.

Ал белгилегендей, БУУнун сунушу боюнча, Кыргызстан калыс соттук териштирүүнү жүргүзүп, Аскаровго процессуалдык кепилдиктерди бериши керек болчу.

Улук комиссардын пикиринде, Аскаровдун улуту өзбек болгондуктан, ал эми соттук процесс башынан аягына чейин кыргыз тилинде өткөндүктөн укук коргоочуга тилмеч берилиши керек болчу.

Чүй облустук соту 24-январда Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырып, ага коюлган бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп чечим чыгарган.

Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу чечими 2010-жылы чыгарылган болчу. Ал «массалык тартипсиздиктерди уюштуруу», «улут аралык кастыкты козутуу» жана «адам өлтүрүүгө кошо катышкандыгы» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Аскаров 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык касташуу учурунда камакка алынган. Укук коргоо органдары ал Бишкек-Ош жолун жабууну уюштургандардын бири, ушул жолду жабууда милиционерлер сабоого алынып, ал эми бир милиционер өрттөлгөн деп чыгышкан.

Укук коргоочунун адвокаттары тергөө органдары анын күнөөсүн далидей албагандыктарын, ал эми айыптоо болсо Аскаров бир кезде кызматтарын кыянаттык түрдө колдонгондугу үчүн сындап келген милиция кызматкерлеринин гана көрсөтмөлөрүндө негизделгенин айтышууда.

2016-жылы БУУнун Адам укугу боюнча комитети Аскаровду камакка алуу «мыйзамсыз болгон», ал эми тергөө иштери кыйноону колдонуу менен жүргүзүлгөн деп Кыргызстанды сындагандан кийин, сот анын ишин кайра карап чыга баштаган.

БУУнун комитети Кыргызстанга Аскаровду бошотуу керек деген кеңешин берди.

ТЕМА БОЮНЧА: