Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ал башкарган мекеме маалымат берүүнү «чектебестен», тескерисинче калкка туура маалымат жеткирүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Буга чейин мекеме дарыгерлерге басма сөз кызматы менен макулдашмайынча ЖМКга маалымат бербегенге кеңеш бергени үчүн укук коргоочулар Саламаттык сактоо министрлиги менен соттошоорун айтышкан.

Батыралиев чектөөнүн максаты так маалымат берүү экенин билдирди.

«Бул эч кандай маалымат берүүнү чектөө эмес, тескерисинче, анын максаты — коомчулукту адаштырбаш үчүн аны так маалымат менен камсыз кылуу», — деди Батыралиев.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги «жабык мекеме боло албастыгын», анткени ал эл менен иштээрин кошумчалады.

Авиакырсыкта каза тапкандарга аза күтүү күнү, 17-январда Саламаттык сактоо министрлигинен Бишкектин дарыгерлерине журналисттерге комментарий бербегенге жана интернет колдонбогонго сунуш түшкөн.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» фондунун башчысы Төлөкан Исмаилова Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын эркин маалымат алуу укугун бузуп жатат деп эсептейт. Фонд анын айынан Саламаттык сактоо министрлиги менен соттошууга ниеттенүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек мэриясынын алдындагы саламаттык сактоо департаментине каршы доо арыздар жакын арада Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондук сотторуна берилмекчи.

Азыр эки талаштуу документ бар.

Биринчиси — Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева кол койгон документ, анда дарыгерлерге мекеменин басма сөз кызматын кулак кагыш кылмайынча журналисттерге комментарий бербегенге кеңеш берилет. Дарыгерлерди коомдук түйүндөрдө талкуудан жана комментарийлерден оолак болууга да үндөлөт.

Экинчиси — шаардык саламаттык сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров салган тыюу. Ага ылайык ооруканалардын башкы дарыгерлерине бюджетте каралбаган каражаттарды сурап бийликке түздөн-түз кайрылганга тыюу салынат. Эреже бузгандарды кызматтан кетирүүгө чейинки жаза күтүп турат.

Сүрөт: АКИпресс

ТЕМА БОЮНЧА: