Саламаттык сактоо министри Таланбек Батыралиев басма сөз кызматы менен макулдашканга чейин дарыгерлердин журналисттерге маалымат бербеши тууралуу көрсөтмөсүн жокко чыгарды. Активисттер дарыгерлердин сөз эркиндиндигин чектелишине каршы чыгышкан болчу.

Батыралиев түшүндүргөндөй, буйрук убактылуу гана мөөнөткө — «Боинг-747нин» кыйрашынан кийинки иликтөө жана издөө иштери бүткөнгө чейин киргизилген.

«Анда [документте] 16-январдагы авиакырсыкта каза болгондор жана жабыр тарткандар тууралуу, ошондой эле Дача-СУ тургундарына жардам берүү боюнча саламаттык сактоо органдарынын иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар бир гана маалымат булактарынан кетип, алар калыс жана объективдүү болушун камсыздоо үчүн гана убактылуу киргизилип жатканы айтылбай калган», — дейт министр.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңеш «мыйзамга туура келбеген» бул буйрукту жокко чыгарып, аны чыгарган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен өкмөткө жана президентке кайрылгандан кийин буйрук жокко чыгарылды.

«Биз ыраазыбыз. Кетирген катасын моюнга алуу — кайрат эркти талап кылат», — дейт Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын пикиринде, Саламаттык сактоо министрлиги адамдардын маалымат алуу укугун бузган, ошону үчүн министрликти сотко берсе болот.

Басма сөз кызматы менен макулдашпай туруп маалыматтарды ЖМКларга берүүгө тыю салган көрсөтмө 17-январда чыккан. Документ дарыгерлерди коомдук тармактарда да саламаттык сактоо системасын талкулабаганга чакырган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинованын пикиринде, бул документтер калкка маалыматты ачык бербегенге багытталган.

«Медиктер менен журналисттердин ортосундагы байланышты жеңилдетүүгө биз 15 жыл короткон элек», — дейт ал.

ТЕМА БОЮНЧА: