Америкалык режиссёр Жим Жармуш курч автордук комедияларды тартууну улантып жатат. Анын «Патерсону» — ырлар жөнүндө поэтикалык фильм. Анда автобустун айдоочусу кызыктуу окуяларды угат. Роттердам кинофестивалынан тасма тууралуу баяндамачы Азамат Өмүралиев айтып берет.

Смартфон колдонбогон бир адамдын окуясын элестетип көрүңүз. Ал ошондой эле компьютер менен иштебейт жана интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ал сыналгы да көрбөйт.

Ал кең далылуу жана эриндери чоң. Анын керебетинин башында будильниги жок, бирок ал күндө эртең менен ички коңгуроосу менен саат 6:30да турат. Анын жубайы супсулуу, анын бульдогу болсо сейилдөөгө чыкканга тил алчаак өнөктөш. Ошол, кайрадан эле, анын смартфону жок.

Бул окуя түйүнү сизди өзүнө тартып алдыбы, же?

«Кофе жана тамеки» же жакында эле чыккан «Сүйүшкөндөр гана тирүү калат» тасмасы үчүн биз сүйгөн америкалык Жим Жармуш кезектеги фильмин тартып, мына ушундай персонажды өзүнүн сюжетинин борборуна жайгаштырган. Эгерде силер Жим Жармушту билсеңер, анда мындай кадамдан эч кандай өзгөчөлүк деле көрбөйсүңөр.

«Патерсон» автобустун айдоочусу тууралуу фильм. Албетте, мурдагыдай эле Жармуштун эки сааттык хронометражында башкы каарманга иш жүзүндө эч нерсе деле болбойт. Аптасына беш күн ал жумушка барат, жолго чыгаардан мурда кесиптешинин жашоодогу ачуу көйгөйлөрүн угат, өз нөөмөтүнөн кийин ыр жазуу менен убакыт өткөрөт.

Кооз сөздөрү бар ырларды жазат. Башкы каармандын ролун жараткан Адам Драйвердин поэзиясы жакшы уйкашпай, төрт саптык ырга ого бетер батпай кыйнайт. Бирок ал окуганда кулакка уккулуктуу угулуп, заматта өзүнө тартып алат.

PATERSON

Патерсон үчүн (каарман Драйвердин аты ушундай) ырлар ички дүйнөнү ачуунун формасы же атак-даңкка жетүүнүн шайманы эмес, ал өзүн курчаган дүйнөнү кабыл алган өзүнчө бир призма. Дал ошон үчүн жат адамдарга өз эмгегин бөлүшкүсү келбейт. Бир гана Патерсондун жубайы анын көмүскө таланты тууралуу билет.

Биринчи кезекте «Патерсон» — бул дүйнөнү караганга ар бирибизге көз айнек керек экени туурасындагы фильм. Эгерде Адам Драйвердин каарманы бул көйгөйдү поэзия менен жөнгө салса, анын кошунасы драматургия жана актёрдук чеберчилик менен, ал эми кир жуугучтан келаткан кокустан эле бир адам бий же рэп менен чечет.

Дисплей жана гаджеттердин жок экенине карабастан «Патерсондо» кыскача аты аталат, фильм бул боюнча так жана таамай сөз айтат. Тагыраак айтканда, ал бизге альтернатива бар экенин эскертет: дүйнөгө технологиянын призмасы аркылуу эмес, өзүнө кагаз жана калемсапты камтыган текшерилген ыкмалар аркылуу да караса болоорун айтат.

PATERSON

Ошону менен бирге эле «Патерсон» — бул катардагы фестиваль киносу эмес. Ооба, Жармуш иш жүзүндө салттык сюжеттик түзүлүшкө маани бербейт. Ооба, анын каармандарына бири-бири менен сүйлөшкөнгө караганда айлана-чөйрөнү караган жагат. Ооба, фильмдин эң кинематографиялуу көз ирмемдери бул Патерсон жазып, өз ырларын окуп аткандагы сахналар.

Бирок Жармуш булардын баарын жагымдуу деле болбогон элементтер менен кыйыштырат: Адам Драйвердин элжиреткен ролунан, бир сюжеттүү окуядан жана колориттүү кыштан жасалган шаардан чыныгы комедияны жаратат. Өзүнүн салттык эрежелерин бузбай Жим Жармуш эң негизги эки элементти айкалыштырат: юмор жана музыка.

Жергиликтүү бардагы винил автоматында алмаштырылып турган пластинкадагы тез өтүп кеткен жана сезилбеген саундтрек кандай гана болбосун азил-тамаша менен айкалыша берет. Жок эле дегенде, «Патерсон» автобус айдоочуларынын кесибинин кызыктуу экени, иттердин болсо бекем жан дүйнөсү бар экени тууралуу ойлонууга мажбурлайт. Эң жакшы дегенде, фильм баарыңардын көзүңөргө жаш толтурат, албетте, күлкүдөн көзүңөргө жаш толот.

PATERSON

Мындай тасмаларды кадырлашпайт. Мындайларды сыйлыкка бөлөп, аларга гүл бербейт. Бирок мындай картиналардын жарамдуулук мөөнөтү социалдык реализм тасмаларынан, көйгөйлүү роад-мувилерден жана психологиялык триллерлерден бир канча эсе жогору турат.

«Патерсондун» көчүрмөсүн сактап койгула. Ишенип койгула, суроо-талап дагы болот.

БЕРИЛГЕН БАА
«Патерсон»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
paterson-yr-tokuunu-bilgen-akyn-emes«Патерсон» автобус айдоочуларынын кесибинин кызыктуу экени, иттердин болсо бекем жан дүйнөсү бар экени тууралуу ойлонууга мажбурлайт. Фильм баарыңардын көзүңөргө жаш толтурат, албетте, күлкүдөн.