КТРК «Акыл ордонун» кемчиликтерин жоёт

Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков канал «Акыл Ордо» интеллектуалдык берүүсү боюнча блоггердин сын пикирлерин кабыл алып, кемчиликтерди жоёрун билдирди. Буга чейин активист Бекзат Пирматов берүүнүн маңызын сынга алып, андагы окуучуларга берилип жаткан суроолорго «кор кыла турган маңыроо» суроолор деп баа берген.

Карыпбеков «Фэйсбуктагы» өз барагында «Акыл Ордо» берүүсү (СТС каналындагы «Эң акылдуу» сыяктуу) боюнча Бекзат Пирматовдун макаласындагы «объективдүү сын пикирлер» боюнча кемчиликтер жоюлаарын жазды.

«Бүгүн эле бул берүү боюнча бардык жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүү жүргүздүм, берүүнүн оң жана терс жактарын талкууладык. Бул блогдогу бардык объективдүү сын пикирлер кабыл алынды жана тиешелүү кемчиликтер кийинки берүүлөрдө жоюлат», — деп жазды Карыпбеков.

Өз колонкасында Пирматов «Акыл Ордо» берүүсүнүн мазмунун сынга алып, андагы окуучуларга берилип жаткан суроолорду «кор кыла турган маңыроо» суроолор деп атаган.

«Менин пикиримде, бул берүү жаштарды шыктандырып, акылдуу балдарды көргөндө аларга теңелип, ошолодой же алардан да акылдуу болууга умтулгудай кылышы керек эле. Бирок бул берүүнү көргөндө биз сазга белчебизден батып турганыбызды түшүнөсүң», — деп жазган Пирматов.

Блоггер бул берүүнү «интеллектуалдык» деп аталбай эле «юмористтик» деп атаса болот деп эсептей турганын билдирген.

«Бул программанын редакторлору биздин бүтүндөй улуттук каналыбыздын, балким бүт өлкөнүн атынан элге чыгып жатышат. Эми ушу 16 жаштагы дөөпайдан бир жумада канча күн бар экенин сураган кантип болсун?» — деп жазган ал.

«Акыл Ордо» берүүсү Орусиянын «Эң акылдуу» долбооруна окшош. Анда окуучуларга ар кандай темада интеллектуалдык суроолор берилет. Сезондо эң көп туура жооп берген окуучу «Эң акылдуу» деген наамга ээ болот.


ТЕМА БОЮНЧА: