«Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар авторлордун жеке көз карашын билдирет.

Колонканын автору Бекзат Пирматов. TopTash студиясынын жетекчиси.

Көңүл бургула: Материалда сөгүнгөн сөздөр бар. Эгерде колонканын автору силерге зыян тийгизиши мүмкүн деп эсептесеңер, аны окубай эле койгонуңар оң. Анын ордуна, мисалы, ван кыргыздары кантип жашап жатышканын окусаңар болот.

СТСте «Эң акылдуу» деген берүү бар эле, эсиңердеби? Аны Тина Канделаки алып барчу, ал ошого төгөрөгү төп келчү: көрүнүшү дайыма жакшы, балдар менен ээн-эркин сүйлөшүп, суроолорду жарыктын тездигиндей окучу эле.

Чынын айтсам, мен суроолорун укмак тургай окуганга жетишчү эмесмин, анткени тапанчадай эле балдар аларга өтө тез жооп берчү.

«Эң акылдуу» телепрограммасы. Сүрөт: MusicGirl07.

Бул берүү өзүңдү кем сезгенге себеп болчу. Албетте, андан да кыйын берүү бар, ал «Акылдуу кыздар жана балдар» деп аталат, ал жакта өзүңдү кем эле эмес, такыр эле санда жок сезесиң. Бирок бул жаңы билим алууга түрткү берип камчылап турат.

«Акылдуу балдар жана кыздар» телепрограммасы. Сүрөт: Биринчи канал.

Эми мына КТРКда «Эң акылдуу» берүүсүнө окшогон берүү бар экен, «Акыл Ордо» деп аталат. Интернетте кокусунан көрүп калып көзүмдү ала албай отурдум.

Күлкү эмес, бирок балдар, Билим берүү министрлиги сыяктуу эле КТРКга да жардам керек экен. Бул берүүнү интеллектуалдык эмес, юмористтик десек туурараак болчудай.

Бул жерде декорация же бюджет жөнүндө кеп болгон жок, аны Москва менен салыштырган туура эмес. Кеп алып баруучу саатына беш чакырым ылдамдык менен суроолорду окуганында да эмес, албетте, Салтанат Саматова алда канча тезирээк окуй алат дечи, бирок антсе бул балдардын башы жарылып кетпейби.

Кыскасы кеп майда кемчиликтерде эмес, алар майда болбосо деле. Болгону КТРК бизди Кыргыз Республикасынын Башкы каналынан эмес, беш жашар баладан жооп сурагандай талап кылууга көндүрүп койгон — бир нерсе кылып жатыптыр, ошонусуна да ырахмат дегендей.

Биз болсо сындаганды эле билебиз да. Мейли эми, жок дегенде бир нерсе кылып жатышыптыр, кой кокуй, көрүп коёлу.

Берүүгө катышкандар майда балдар эмес, ал жакта негизинен 10-класстын окуучулары катышат, бирок суроолору... мындай келесоо суроолор жомокто да жок.

Суроо: Жыл бою жашыл болуп турган өсүмдүк кайсы? Сүрөт: «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Орусиядагысына салыштырсак, «Акыл Ордодогу» балдар өтө жай жооп берип жатышат, болгондо да ө-өтө эле жөнөкөй суроолорго. Көп суроолордун маңыроолугу кадимкидей эле кор кылып жиберет.

Ал жактагы бир топ суроолорго билими жок киши деле, эй койчу, көрүнгөн көт мээ да жооп бере алат.

Суроо: Бир айда канча күн бар? Сүрөт: «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Экинчи айлампада бир мүнөт ичинде тигил же бул категорияда мүмкүн болушунча көбүрөөк жооп бериш керек. Категориялардын тандалышы бир кызыктай, ал жакта эч качан химия, астрономия, көркөм өнөр деген болбойт, физика менен математика абдан сейрек учурайт.

Бирок математика болсо деле, аны кимдир бирөө тандап алып эрдик кылса деле, суроолор «Алты жерде сегиз канча?» сыяктуу болот.

Өлүп кетейин, ишенесиңерби? Алты жерде сегиз!

Суроо: Атаңдын апасы сага ким болот? Сүрөт: «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Анткен менен бул жерде «Макалдар», «Кыргыз тили» жана «Ооба же жок» деген категориялар бар. «Ооба же жок» деген категорияда «Ооба», анан ишенесиңерби, «жок» деп жооп бериш керек экен.

Менин пикиримде, бул берүү жаштарды шыктандырып, акылдуу балдарды көргөндө аларга теңелип, ошолодой же алардан да акылдуу болууга умтулгудай кылышы керек эле. Бирок бул берүүнү көргөндө биз сазга белчебизден батып турганыбызды түшүнөсүң.

Суроо: Окуучулар жайында эмнеге чыгат? Сүрөт:  «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Бул программанын редакторлору биздин бүтүндөй улуттук каналыбыздын, балким бүт өлкөнүн атынан элге чыгып жатышат. Эми ушу 16 жаштагы дөөпайдан бир жумада канча күн бар экенин сураган кантип болсун?

Же дегеле «Туулган күнүңдө эмне жейсиң?» деген суроого кантип жооп берсе болот?

Анан эмне үчүн алып баруучу деле, балдар деле, бул эмне деген келесоолук деп сурашпайт, ыя?

Кыскасы биздин өлкөнүн ураанын «Жок дегенде бир нерсе кылып жатышпайбы» деп койсо болот экен. Бул сөз менен көрүнгөн бок-сактын баарын актай берсе болот. Өз үйүңөрдө билгениңерди кыла бергиле, бирок муну деген улуттук канал деп коёт.

Суроо: Жапайы жаныбарлардын падышасы? Сүрөт: «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Мага ушундай бир эле макоо чыгарылыш туш келип калган экен дейин десем, жок, чыгарылыштарынын баары эле юморго ылайык экен. Мынакей жылдык финалдагы айрым суроолор. Бул финал, [программада] жалаң акылдуулар калган.

Мынакей айрым суроолор:
— Бүгүн кайсы күн?
— Бир жумада канча күн бар?
— Айбанаттардын падышасы?
— Бир айда канча күн бар?
— Жаңы жыл качан?
— Смешариктер кандай формада?
— Миллиондо канча нөл бар?
— Туулган күнүңдө эмне жейсиң?

Суроо: Эң коркок жаныбар? Сүрөт: «Акыл Ордо» берүүсүнөн кадр.

Мына биздин келечегибиз.


2017-жылдагы видео


2016-жылдагы видео


ТЕМА БОЮНЧА: