«Республика — Ата-Журт» МККнын жетекчисин кызматтан кетирүүнү талап кылды

«Республика — Ата-Журттун» депутаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алар Максим Бакиевдин жер тилкесине салынган арестти (тыюуну) МКК алып салганына нааразы.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Максим Бакиевдин жер тилкесин кайра каттаткандыгы үчүн ММКнын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сынга алды.  

«ЖМКлардын бирине берген интервьюсунда Сарпашев 3 миллион доллар турган Максим Бакиевдин жер тилкесин эмне үчүн кайра каттатканга уруксат бергенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Муну ал Бишкек шаардык сотунун чечимине карабай жасап жатат. Кантип мындай жетекчиге шайлоочулардын тизмегин ишенип бере алабыз?» — деди ал.

Фракциянын депутаттары Сарпашевди кызматынан кетирүү маселесин премьер-министрдин кароосуна коёрун билдиришти.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы дагы бул маселени өз жыйынында карамакчы.

Сарпашев «Заноза» басылмасына берген интервьюсунда Максим Бакиевдин жер тилкесине тыюу салынбаганын айтты.

«Скрябин көч. 45-45а дареги боюнча жайгашкан Бакиевдин жер тилкеси эмне үчүн улутташтырылган объектилердин тизмегине кирбей калганын тергөөчүлөр аныктап беришет го деп ойлойм. Кайра каттатып жатканда 1,28 га жерди ээлеген бул жер тилкесине эч кандай тыюу салынган эмес болчу», — деди ал.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын 2015-жылдын ноябрынан бери жетектеп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: