Орусия: «Ислам мамлекетине» кошулуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кыргызстандык кармалды

Кабардин-Балкарияда эки жаш жигит Сирияга кетип бараткан жеринен кармалды, алардын бири кыргызстандык. Алар экөө тең террористтик уюмга интернет аркылуу азгырылган.

Нальчик шаарынын укук коргоо органдары эки жигитти аэропортто кармашты — бири 20 жаштагы жергиликтүү тургун болсо, дагы бири 21 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыккан. Алар Орусиядан Сирияга кетүү ниетинде болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кармалгандар интернет аркылуу террористтик уюмга тартылып, Сириядагы согушта «Ислам мамлекети (ИМ)» террористтик уюмунун тарабында катышууга камынып жатышкан.

Кармалгандарга Орусия федерациясынын кылмыш кодексинин «Террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга ниеттенүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар 20 жылга чейин темир тор артына камалышы мүмкүн.

Бул Кыргызстандын жаранынын Орусияда ИМге кошулуу аракети учурунда кармалган алгачкы окуя эмес.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы 2015-жылдын жайында Алтайда бир кыргызстандыкты кармаган.

Ал жаран ИМдин Кыргызстандын жарандарына пропагандалык видео кайрылуусунан кийин Сирияга кетүүгө аракет кылган.

«Ислам мамлекетинин» согушкерлери 2015-жылдын октябрында дагы бир видео жарыялап, анда шахиддердин бирин өтө коркунучтуу тапшырма берип жөнөтүп жатканы тартылган.

Ыйлап жаткан жаш жигиттин 21 жаштагы Бабур Исраилов экенин анын атасы тааныган. Ал да биринчи Орусияга кеткени белгилүү болгон.

УКМК 2016-жылдын февралында мекендештерин террористтик уюмдарга азгырган Кыргызстандын эки жаранына издөө жарыялаган.

Азгыргандардын бири 2015-жылы Сирияга өз жубайын балдары менен жөнөткөн.

ИМ — көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм. «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу боюнча» иш жүргүзүп келатат. Уюм душмандарына жана туткундарга кылган таш боордугу менен таанымал, ал эл көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: