Бектур Искендер

Баяндоо «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин атынан жүрөт, анын телеграм-каналына бул шилтемеден жазылса болот.

Баш сөз:

Мага бул текстти жакшыраак түзүүгө жардам бергендерге, атап айтканда: Айзат Шакиевага, Мария Лукинага, Рейна Артур кызына, Регина Имге жана Анне Леликке абдан чоң ыраазычылык билдирем.

Башкы сүрөт: азыркы Либериянын аймагындагы Кру элинин аялдары. Алар сары чийкил колонизаторлордун кулдукка алуу аракеттерине айрыкча айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн.

Тексттин өзү:

Кыргыз коомдук телекөрсөтүүсүнүн кезектеги шедеври «Келин» реалити-көрсөтүүсү болуп калды.

«Келин» деген сөздүн расмий эмес котормосу — күң, үй-бүлө иерархиясындагы эң төмөнкү катмар, арабага чегиле турган ат, малай, адам катары кабыл алына бербей турган, оюн адатта көпчүлүк укпай турган адам.

«Келин» көрсөтүүсү жийиркеничтүү. Мен эмне деп айтып жатканымды билем. Биринчи чыгарылышын мүмкүн болушунча кунт коюп көрүп чыктым, ал тургай стенограммасын жазып алдым. Окуп көрүп, өзүңөр күбө болгула (ред. — орус тилинде).

Бул берүү — жалаң кемсинтүүчү көз караштар, ал жерде аялдар Борбордук Азиянын үй-бүлөлөрүндө акысыз малайлар («келиндер») жүздөгөн жылдар бою жасап келген иштер боюнча мелдешет.

Ушунун баары «тээжик кайнененин» ролун аткарган актрисанын психологиялык зомбулугу менен коштолот (брррр!).

Мен бул көрсөтүүнү канчалык жийиркеничтүү жана менин салыгыма жашап жаткан телеканал үчүн таптакыр ылайыксыз экенин айтууга сөзүм да жетпейт.

«Келин» көрсөтүүсүнүн катышуучусу кайненесинен муздап калган чай үчүн кечирим сурап, жаңысын куюп жатат (анан анын ичинде кайненеси айткандай «бир нерсе» жүргөн болот).

Менде сөздүн жетишпегени ушунчалык, мен бул көрсөтүү жөнүндө сөзүмдү бүтүрөм — ал мынча тамгаларга да татыбайт.

Бул көрсөтүүгө кандай мамиле кылыш керек? Ушул суроо алда канча маанилүү, биз ага жооп тапканга аракет кылалы.

* * *

Биринчиден, бул көрсөтүүгө тыюу салыш үчүн күрөшүп кереги барбы-жокпу, ошону чечип алалы. Менин пикирим анык: канчалык кызыктай угулса да, антип кереги жок.
Кайсы медиа материалына тыюу салынса да ал тескери натыйжа берет — аны ушунчалык көп көрө башташкандыктан, ага тыюу салгысы келгендер өз чечимине өкүнө баштайт.

«Келин» көрсөтүүсүнө тыюу салынды деп элестетип көргөн күндө дагы, анын айланасындагы ызы-чуунун айынан анын бардык чыгарылыштары интернеттен рекорддук өлчөмдө көчүрүлөт.

Анысы аз келгенсип, көрсөтүү башка канал таап алат да, жөнү жок жерден жапа чеккен берүү катары үч эсе ийгиликке жетишет деп ишенем.

Ал тургай телекөрүүчүлөрдүн көпчүлүгү бул көрсөтүүнү жек көрүп калса дагы, тыюу салуудан эч кандай натыйжа чыкпайт. Бул көрсөтүүгө каршы эң жакшы айла — аны тонналаган сатира, пародия, сын пикир менен шыбап салуу. (Менин стенограмммам ошондой эле натыйжа берди окшойт, бирок башында мен андай максат деле койгон эмесмин).

КТРК соттун тыюусунан эмес, өзү эле уялып маскара болуп бул берүүнү алып салгыдай болсун.

Бирок тыюу салуу эч кандай пайда бербесе, анда эмне кылыш керек?

* * *

Бир нерсе жаратып, элди агартыш керек. Жана буга болушунча көбүрөөк күчтөрдү тартыш керек.

Кыргыз коомунда аялдардын ролу кандай боло турганына баарыңар таасир эте аласыңар, болгону аны кантип ишке ашырышты билбесеңер керек.

Аялдар, кыздар,

Мен, артыкчылыгы бар кадимки эркек болуп туруп, азыркы сексизм доорунда жашаш кандай оор экенин элестете албайм. Болгондо да сексизмдин эң итиркейди келтирген көрүнүштөрүнүн бири — сексизмдин бар экенин тануу, ал да биздин коомдо көп кездешет.

Мен көчөдө жалгыз баратканым үчүн эле караңгы кирип кеткендиктен көчөнүн башка тарабындагы тетиги эркек киши мени зордуктап салат го деп коркуп батыраак басканга аргасыз болгон эмесмин. Мен жанымда туруп калган таксисттин же дагы башка бир эркектин ырсаңдаган тамашаларынан улам күн сайын кабатыр боло турган абалда болгон эмесмин.

Мага көчөдөн эч ким эч качан тийишкен эмес. Мени кийимимдин узун-кыскасы үчүн мени эч ким эч качан жекирген эмес.

Мени эч ким эч качан никеге туруш үчүн ала качып, биринчи түндө туугандарынын колдоосу менен зордуктаган эмес. Мени эч ким эч качан карьера куруу укугунан ажыратып, үйдөгү эң ыплас жумушту кылууга аргасыз кылган эмес.

Андыктан силерге акыл үйрөтө турган киши мен эмесмин. Мени укпагыла. Башка эркектерди да укпагыла. Уруп ойнобой эле эмне кылгыңар келсе ошону кыла бергиле. Бир гана суранаарым — башка кыздарды да ошого үйрөткүлө.

Эркектер, жигиттер, балдар,

«Келин» көрсөтүүсүнө кыжырыңар келсе, күнүмдүк турмушта феминизмдин үлгүсүн көрсөткүлө. Ооба-ооба, эркек болсоңор деле феминист боло аласыңар, ал анчалык деле кыйын эмес.

Ишиңерден эле баштагылачы. Ишти эркек-аялдыкы кылып бөлгөндү токтоткула. Аял кесиптештериңерге биринчи иретте өз ишинин адиси катары мамиле кылгыла.

Кимдин эки бутунун ортосунда эмне бар экенин анча көп ойлой бербегиле. Өз ишин аткара билүү жана ийгиликке жетишүү адамдын жынысынан таптакыр көз каранды эмес экенин байкайсыңар, баракелде!

Аялдарга күнүмдүк турмушуңарда мамилеңерди өзгөрткүлө. Мисалы, көчөдөн аларды көзүңөр менен жебей, уруксаты жок ар жерине кол тийгизбей же алардын жеке жашоосуна мурдуңарды тыкпай койсоңор болот да. Анан, айланайындар, башка эркектерди да ошондой эле жүруш-турушка үйрөткүлөчү.

* * *

Уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери,

Мен «Клоопту» досум Ринат Тухватшин менен бирге ачкан кезимде, биз уюмубуз эч кимди кемсинтпейт деп чечкенбиз. Биз студенттерибиздин, кызматкерлерибиздин жана жетекчиликти өткөрүп берген адамдарыбыздын жынысына караган жокпуз.

Ишке кабыл алууда биз үчүн адамдын кесиптик сапаттары маанилүү болчу, ишенип койгула, «Клооптун» көп жылдык иш тажрыйбасы ал сапаттар жынысынан көз каранды болбой турганын көрсөттү (мен муну жогоруда жазгам, бирок эч качан кайталагандан коркпойм).

Биз өз учурунда «Клоопту» башкарууну дээрлик толугу менен Анна Лелик менен Галина Гапаровага өткөрүп бердик — уюмдагы дээрлик бүт бийликти аларга өткөрүп берип жатып, биз алардын аял экендигин эч ойлогон жокпуз.

Анна Лелик Эстониянын Таллинн шаарында 2016-жылдын ноябрында өткөн TEDxYouth жыйынында сүйлөгөн сөзүн угуп көргүлө:

2012-жылы уюмубузда студенттер менен кызматкерлердин ортосунда абдан кызыктуу талаш чыкты — журналист кыздар зомбулук болушу ыктымал болгон нааразылык акцияларын чагылдыра алабы?

Бизде жыныска байланышпаган бир чектөө башынан бери коюлуп келатат. Ал жаш курагына байланыштуу — «Клооп» 18ге чыга элек журналист жигиттерге жана кыздарга кооптуу тапшырма бербейт. Ошондуктан биз жашы жете элек авторлорубузга коркунучтуу акцияларга барууга тыюу салабыз.

Бирок биз ошондо эле эч күмөн санабай туруп бардык жашы жеткен журналист жигиттер жана кыздар нааразылык акцияларын чагылдырса болот деп жарыялаганбыз. Дал ушундай, жынысына карабай туруп.

Бизде башкача көз караш болсо, кыргыз медиа-мейкиндигине, мисалы, «Клооптун» тарыхындагы эң мыкты журналисттердин жана редакторлордун бири, ондогон нааразылык акцияларын, ошондой эле эң чуулгандуу сот процесстерин чагылдырган Зарема Султанбекова ачылбаган бойдон калат болчу.

Зарема Султанбекова «Клооптун» кеңсесинде, 2012-жыл. Сүрөт: Анна Лелик/Kloop.kg

Бул болсо Зареманын 2012-жылдагы так ошол нааразылык акцияларындагы сүрөтү, бирок ал камерада нары карап турат:

Биз техниканы балдар/жигиттер/эркектер гана башкара алат деген туура эмес түшүнүктөн мурдубузду чүйрүчү элек. Албетте, андай эмес, бул таптакыр туура эмес түшүнүк жана аны унутуп эле койгула.

Биздин Хлоя Гейне Кыргызстанда биринчи иретте иликтөөлөрү менен белгилүү, бирок ал кадрдын башка жагында да болуп жүргөнүн баары эле биле бербейт.

Хлоя — таң каларлык видео-оператор. Ал эки жолу мени менен Украинадагы чатакты чагылдырганы барып келген. Жазылган нерсени жакшы түшүнбөй калсаңар — дагы кайталап коёюн: ал эки жолу Украинадагы чатакты чагылдырганы барган. Видео-оператор катары. Анда камераны теңдеш үчүн толтура ар кандай оор жабдуу илинип турган, андан тышкары бронежилет менен каска кийип алган, ал эми тарткандары болсо өлүктөрдүн текшерилип союлушунан тартып блок-посттордогу кыялы чукул куралдуу эркектерге чейин ар кандай нерселер болчу.

Хлоя Гейне ДЭРдин көзөмөлүндөгү аймактан такай аткыланып турган Украинанын Светлодарск шаарында окуяларды тартып жүрөт. 2015-жылдын марты. Сүрөт: Бектур Искендер/Kloop.kg.

Ал «Клоопто» камера менен иштеген жалгыз кыз эмес, бизде таң каларлык сүрөт репортаждарын жасаган Света Зеленская, же көзүн жумган бойдон түз эфир үчүн бүт студияны жабдый коё турган, дегеле баарын жасай ала турган Александра Ли бар (ал мыкты айкидочу дагы, бирок ал ыкмаларын кеңседе колдонууга мажбур боло элек).

Александра Ли өзү жакшы көргөн видео чыгаруу ишинде. Сүрөт: Бектур Искендер/Kloop.kg.

Кыздар спортко кызыга бербейт деген да көз караш бар — бул түшүнүктөн жүрөк айланат. «Клоопто» спортту Евгения Щербакова, Гүлжан Турдубаева же Каминат Имирханова сыяктуу чагылдыра алгандар аз эле — алардын баары ар кайсы учурда футбол, хоккей, чаңгек спорту, жеңил атлетика, Олимпиада, автожарыш оюндары тууралуу жазып келишкен.

Каминат «Клооп» үчүн былтыркы августтан бери жазып келатат, ошондон бери анын спорт тууралуу тексттери аябай оңолгондуктан, биз ага жашыраак шакирттерди кошуп бердик. Эми ал команда түзүп жатат, мен алар Кыргызстандагы спорт журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем.

Мен Каминатты өмүрүмдө сүрөткө тартып көрбөптүрмүн, ошондуктан анын сүрөтүн «Фэйсбуктагы» профилинен алышка туура келди.

Мен дагы «Клооптогу» башка мыкты журналист же редактор кыз-келиндер тууралуу айтканга жетишкен жокмун: Аня Капушенко, Айдай Иргебаева, Нуржамал Жанибекова, Саша Титова, Регина Им. Мен бул жерде редакторлук бөлмөдө күн сайын кезиктиргендерин гана санап өттүм.

Эң маанилүүсү эмне дебейсиңерби? Мен ушул текст болбосо алардын жынысына көңүл да бурмак эмесмин. Кимдир бирөө тууралуу жыныстык белгисинен улам жыйынтык чыгаруу ойго келбеген нерсе, биз өз уюмубузда андай болбошу үчүн колдон келгендин баарын кылабыз.

Андан да эң жакшысы биздин уюмда теңдик өзүнөн өзү орноп калганы — болгону биз эң башында эле ошондой болот деп чечип койгонбуз.

Уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери,

Эгерде силер мени менен макул болсоңор өз жамаатыңарда ошондой эле саясат жүргүзгөнүңөргө эч нерсе жолтоо болбойт. Бул КТРК үгүттөгөн кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө эң мыкты жооп болот.

«Аялга анча жарашпачудай» көрүнгөн жумушка аялдарды чакыргандан коркпогула. Эгерде адам өз ишин жакшы көрүп, баарынан мыкты жасай алса, анын жынысынын эмне мааниси бар?

Космос технологияларын археологиялык казуу иштери үчүн пайдаланган Сара Паркактын сөзүн угуп көргүлө, ооба-ооба. Ага шыктангыла. Ырас, бул видеонун кыргызча субтитрлери жок:

Бирок бир кыйынчылык бар, ал абдан чоң — Кыргызстанда айрым тармактарда аялдар эркектерге башында эле утулат. Көп аялдардын шарты башынан эле тең эмес, бул алардын эне болушу, үйдөгү түйшүгү, күйөөсүнө жана анын туугандарына көргөн камкордугу («Келин» көрсөтүүсүндө ошол нерсе эле макталат), конокторду тейлеши, ошондой эле ата-энесинин патриархалдык үмүт-тилеги менен байланыштуу.

Натыйжада аялдардын жалпы жонунан билим алууга мүмкүнчүлүгү алда канча аз.
Ошондуктан, мисалы, силер программалык камсыздоо боюнча компанияны жетектеп, силерде ким программалай турганы баары бир дейли — бирок кабыл алуу маалында эле жалаң эркектер резюме бериши мүмкүн, анткени Кыргызстанда программист аялдар алда канча аз.

Канчалык феминист болсоңор дагы жалаң эркектерди гана тандашка туура келген учурлар болушу мүмкүн.

Андай учурда эмне кылыш керек? Ооба, иштин мөөнөтү кыстаса — жумушка эркек кишини алышка туура келет, бирок келечекке жол сала баштасаңар болот.
Эгерде силер чын эле кайдыгер болбосоңор жана коомдун «келиндешип» баратканы силерди коркутуп жаткан болсо, эң жакшысы — кыздардын билим алышына каражат жумшоо. (Бул уюмдардын жана компаниялардын жетекчилерине эле эмес, дегеле каалоочулардын баарына тиешелүү дечи. Албетте, бул бардык жыныстагы адамдарга да чакырык).

Силер бир кыздын же бир топ кыздын кайсы бир жакшы мектепте окуган окуусун төлөп бере аласыңар. Ошонун шарапаты менен алар ар кандай билим алышат, ал билими алардан коом күткөн эмес, алар өздөрү каалаган тармакта мыкты карьера жасаганга шарт түзөт.

Мен Кыргызстандагы кыздар, мисалы, кааласа менин курдашым Жедайда Айлер сыяктуу астрофизик боло турган күн тууралуу кыялданам. Айтмакчы, бул видеонун орусча субтитрлери бар:

Акчаңар болсо, жок дегенде, кыргызстандык бир кыздын өзү кыялданган факультетте окуусун төлөп бергиле. Же жок эле дегенде кыздардын ошого жетишине жолтоо болбогула, анан дагы, тыюу салбагыла.

Силер «Бишкек Феминисттик Демилгелерине» — аялдардын өздүк аң-сезимин өстүрүүгө жана аларды бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берип, шарт түзгөн укмуштай феминисттик уюмга жардам берсеңер болот.

БФДнын банк реквизиттери:

Юридикалык тараптын аталышы: «Бишкек Феминисттик Демилгелери» КБ
Банктын аталышы: Demir Kyrgyz International Bank
Банктын дареги: 245 Chui Ave., Bishkek 720001 Kyrgyzstan
Эсептин номери (кыргыз сомунда акча которуш үчүн): 1180000051323011
SWIFT: DEMIKG 22
БИК: 118005

Жалпы сабаттуулук үчүн «Бишкек Феминисттик Демилгелери» менен бирге чыгарылган «Фемдария» журналынын барагына жазылууну сунуш кылам. Алардын сайты бир-эки жумадан кийин эле иштей баштайт. Силер Борбордук Азиядагы феминизм тууралуу макалаларды окуп, сүрөт жана видео долбоорлорду көрө аласыңар.

«Фемдария» журналынын «Элсом» эсеби: 0 555 330711

Эгерде силерде KICB банкынын картачасы болсо, бул шилтемеден түз эле акчаны «Элсомго» которсоңор болот, «Фемдариянын» номерин көрсөткөндү унутпагыла.

Ошондой эле «Бишкек Феминисттик Демилгелеринин» жана «Кыргызстандын активист кыздарынын» барактарындагы жаңылыктарга көз салып тургула.

Ошондой эле «Клоопто» кыздар үчүн курс ачсаңар болот — биз жөн эле ЖМК эмеспиз, билим берүүчү уюм болуп да эсептелебиз. Биз журналист кыздарды (дээрлик он жылдан бери үйрөтүп келатабыз), видео-оператор кыздарды (дээрлик үч жылдан бери үйрөтүп келатабыз) же программист кыздарды (бир жылдан бери үйрөтүп жатабыз) эле даярдап тим болбойбуз.

Кыздар үчүн каалаган курстарды сунуш кылгыла же азыркы курстарды уюштурууга катышкыла. Силердин идеялар бизге жакса, биз силерге имарат жана ресурс бөлүп бергенибиз үчүн кубанычта болобуз.

Мисалы, кыздар үчүн робот техникасы боюнча курстарды ачалы дегенсиңер, бирок жетише элек болчусуңар дейли. Балким ошондой курстарды ачып, көз салгыңар келээр?

Каяшалардын баарынын алдын тосуп айтып кетейин — бул кадамдардын баары жигиттердин укугун бузбайт. Алар бул тармактарда билим алышы үчүн артыкчылыгы жетиштүү, биздин уюмдун эшиги бардыгы үчүн ачык болот, бирок азыр айрыкча кыздардын, бийкечтердин жана айымдардын укугу бузулуп жатат.

Аялдарды кор тутуу, аларды кем көрүү, ошондой эле КТРКда чыккан жийиркеничтүү көрсөтүүдөгүдөй терс көрүнүш түзүү менен күрөшүүнүн жүздөгөн жолдору бар.

Башкысы ошону башташ керек. Кошулгула!

Жок, чын эле айтып атам, кошулгула! Эгерде кыздар/аялдар үчүн кандай мыкты курстарды биздин уюмдун имаратында уюштуруу боюнча идеяңар болсо, төмөнкү эмейл-даректерге жазгыла: lelik.anna@kloop.kg, school@kloop.kg, bektour@kloop.kg.

Силерге «Бишкек Феминисттик Демилгелери» менен түз кызматташуу кызык болсо, алардын даректери: bishkekfeminists@gmail.com, devochkiaktivistki@gmail.com.