Француздар Каракол шаарындагы эс алуу зонасына 1 миллион доллар жумшагысы келет

Француз инвесторлору Каракол шаардык кеңешине 1 миллион долларга борбордук скверди кайра куруп чыгуунун долбоорун сунуш кылышты. Инвесторлор сквер аларга 15 жылга ижарага берилишин каалашат. Депутаттар долбоорду колдошсо, кайра куруу иштери апрелде башталат.

Франциялык инвесторлор Каракол шаардык кеңешинин депутаттарына борбордук скверди кайра куруп чыгуунун долбоорун сунуш кылышты. Кайра куруу иштеринен кийин 3,5 гектарлык аянттагы сквер инвесторлорго 15 жылга ижарага берилиши долбоорду ишке ашыруунун башкы шарты болууда. Шаардык кеңештин депутат Азамат Айтбаевдин айтымында, долбоор борбордук сквердин ландшафттык дизайнын өзгөртүүгө эсептелген.

Караколдогу скверди кайра куруунун долбоору. Сүрөттү Азамат Айтбаев берди.

Инвесторлор ал жерде коомдук даараткана куруп, жарыктандыруу системасын жана отургучтарды орнотуп, сугат системасын ишке киргизип, чачыратма, велосипед жана ролик чыйырларын жасап чыгууну көздөп жатышат. Ошондой эле сквердин 10 сотугун кафе курууга пайдалануу пландалууда.

Инвесторлор ишти 2017-жылдын 1-апрелинде баштап, Караколдогу туристтик сезон башталгыча аяктай алышат. Бирок жергиликтүү депутаттар инвесторлорго азырынча жооп бере элек. Долбоорду жакынкы сессияда гана карап чыгуу пландалган.

Айтбаевдин айтымында, азыр депутаттар эки жаатка бөлүнүп калды. Бир тарабы мындай акчанын жумшалышы шаардагы туризмди өнүктүрүүгө жардам берет деп жатат. Башкалары борбордук скверди бир колго 15 жылга берип койсо кийин ал менчикке айланып кетет деп кооптонушууда.


ТЕМА БОЮНЧА: