АӨБ «коррупциялык схемалардын» айынан суу менен камсыз кылуу программасын каржылоодон баш тартты

Кыргызстандын калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу системасы долбоорлоо учурундагы «коррупциялык схемалардын» жана каталардын айынан Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржыланбайт. Бул жөнүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жээнбеков АӨБ тарабынан суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акча туура эмес бөлүштүрүлүүдө деп билдирди. Анын айтымында, оңдолгон суу түтүктөрү бат эле керектен чыгууда.

Премьер-министр каржылоо аткаруучулар менен долбоорлоочулар кетирген «одоно каталардын» жана «коррупциялык схемалардын» айынан токтотулду деп эсептейт.

«Азия өнүктүрүү банкы калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматташтыктан белгисиз убакытка чейин баш тартты, акча каражаттарын бөлүүнү токтотту», — деди ал.

Жээнбеков Кыргызстандагы ар бир үчүнчү киши ичүүчү таза сууга зар экенин, ал эми таза сууну камсыз кылуу маселеси өлкөнүн 390 айылында чечилбей келатканын айтты.

«Мында азыркы күндө көптөгөн объектилер - суу түтүктөрү 10-15 жылга жетпей эле жарактан чыгып калып атат. 2001-2014-жылдары сырткы демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулган суу түтүктөрү, алардын техникалык абалы жана каралышы айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөйт, аларды сапаттуу тейлөө уюштурулган эмес», — деди Жээнбеков.

Ал Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка шалаакылыктын күнөөкөрлөрүн таап, кылмыш жообуна тартууну тапшырды.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов


ТЕМА БОЮНЧА: