АКШын апелляциялык соту Трамптын миграция боюнча жарлыгынын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тартты

Дональд Трамптын миграцияга байланышкан жарлыгы Вашингтон штатынын Федералдык соту тарабынан токтотулду, бул чечимге каршы даттануу аракети азырынча эч кандай жыйынтык бере элек. Трамптын жарлыгы негизинен мусулмандар жашаган жети өлкөнүн жарандарына Америка Кошмо Штаттарынын аймагына кирүүгө тыюу салган эле.

Сүрөт: REUTERS/Noah Berger

Дональд Трампты Апелляциялык соттун чечими токтоткон жок. Американын президенти Судандын, Йемендин, Ливиянын, Сомалинин, Ирактын, Ирандын жана Сириянын жарандарын АКШнын аймагына киргизүүгө тыюу салган өз жарлыгын мындан ары да коргоого даяр экенин билдирди.

«Сотто көрүшөбүз! Элдин баарынын коопсуздугуна байланышкан маселе чечилүүдө», — деп жазды Дональд Трамп «Фэйсбуктагы» өз барагында.

Соттун чечими бир добуштан чыкты. Судьялар негизинен мусулмандар жашаган жети өлкөнүн жарандарын киргизүүгө тыюу салууга негиз бар экенин президенттин администрациясы эч нерсе менен далилдеген жок деп токтом чыгарышты.

Буга чейин жарлык бүт өлкө боюнча Вашингтон штатынын федералдык соту тарабынан токтотулган, аны жокко чыгаруу боюнча Вашингтондун прокуратурасы сотко берген доо арыз каралмайынча соттун бул чечими күчүндө болот. Прокуратура Трамптын жарлыгын Конституцияга каршы деп таап, жокко чыгарууну талап кылган.

АКШ президентинин жарлыгынын айынан күчүн жоготкон 100 минден ашык визаны АКШнын визалык органдары калыбына келтирип жатышат.

Сүрөт: REUTERS/David Ryder

Трамптын администрациясы бул жарлык «АКШны терррорчулуктан коргоого багытталган» деп эсептейт, ага 27-январда кол коюлган. Ал өлкөгө «радикалдуу исламчылардын» киришине тыюу салат.

АКШ президентинин жарлыгына кош жарандуулугу бар кишилер, ал тургай жөн эле АКШ аркылуу транзит менен учуп бараткан кишилер да туш келип калды.

Жарлык тууралуу маалымат чыгаары менен АКШнын аба майдандарында жана чоң шаарларынын көчөлөрүндө көптөгөн адамдар катышкан нааразылык акциялары болуп өттү. Миграциялык кызматтар өлкөгө киргизбей койгон адамдарга бекер жардам бергиси келген юристтер да аба майдандарында нааразылыгын билдирип жаткандарга кошулушту.

Жарлыкка каршы нааразылыкты АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, «Google» компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Сергей Брин жана башка америкалык атактуу адамдар колдоп чыгышты.


ТЕМА БОЮНЧА: