Карта: Бишкек мэриясы 1-марттан тартып беш көчөнү оңдой баштайт

Бишкек муниципалитети быйыл марттан тартып Свердлов районунун беш көчөсүн башынан баштап оңдоого киришет. Мэрия оңдоо иштерине жолтоо болгон объектилерди эмитен эле алып сала баштады.

Көчөлөрдү кайра куруу боюнча иштер 1-мартта башталат. Азырынча мэрия Свердлов районунун беш көчөсүн оңдоп чыгууну пландаштырууда.

  • Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн тартып Ауэзов көчөсүнө чейин — 2,9 чакырым;
  • Лермонтов көчөсү Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин — 1,55 чакырым;
  • Орозбеков көчөсү Жибек Жолу проспектинен Саадаев көчөсүнө чейин — 3,3 чакырым (көпүрөнүн курулушу менен кошо);
  • Щербаков көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин — 1,2 чакырым;
  • Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин — 0,21 чакырым.

Жалпысынан 2017-жылы Свердлов районунда 14 көчө оңдолот — бул 25 чакырымдык жол.

Мындан тышкары, мэрия башка райондордо да жолдор ондолот деп убада берүүдө. Свердлов району азырынча алдыдагы иштер тууралуу так маалымат берген бирден-бир район.

Азыр оңдоо иштерине жолтоо болгон «жеңил типтеги объектилердин» баары алынып, башка жакка жайгаштырылып жатат. Жалпысынан мэрия ар кандай 942 объектини алат.

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасы оңдоо иштерин жүргүзүш үчүн бактарды алып салууга уруксат берүүчү документтерди эмитен эле даярдап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: