Бишкектин мэриясы мыйзамсыз курулуш менен күрөш боюнча штаб түздү

Бишкектин жетекчилиги башкалаада мыйзамсыз курулушка жол бербей турган атайын штаб түздү. Ал шаардын ортосунда «Слоники» паркынын ордуна имарат куруу аракетинен кийин пайда болду.

Штаб түзүү боюнча бул чечим мыйзамсыз курулушка бөгөт коюу жаатындагы шаар кызматтарынын ишин жакшыртуу боюнча тегерек столдон кийин кабыл алынды.

Андан бир күн мурун жарандык активисттер «Слоники» паркынын ордуна көп кабаттуу үй салууга каршы митингге чыгышкан.

meriya-shtab-zagolovok

Митинг Бишкектин мэри шайланып жатканда мэриянын алдында өттү. Өз кызматын сактап калган шаар башчы Албек Ибраимов балдар паркынын ордуна имарат салдырбаганга убада берди.

Прокуратура ижара келишимин түзүүдө Бишкек мэриясы Жер кодексин жана Бишкек шаардык кеңешинин жана парламенттин депутаттарынын «Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун бузганын аныктаган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, курулушка уруксат берүүчү жана башка документтери жоктугуна карабай «Зеленстрой» 57 бакты кыюуга уруксат берген.

Текшерүүнүн натыйжасында Бишкек прокуратурасы мыйзам бузууну жокко чыгарыш үчүн Бишкек башкы архитектурасына жана мыйзамсыз курулуш жагдайы боюнча Бишкек Мамэкотехинспекция башкармалыгына тапшырма жолдоду.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт иллюстративдик мүнөздө, «Фергана»