Казак биатлончулары кызытма колдонду деп шек саналууда

Австриядагы дүйнө чемпионатына катышып жаткан казак биатлончулары кызытма колдонду деп шек саналууда. Полиция спортчулардын номерлеринде тинтүү жүргүздү.

Австриянын Хохфильцен шаарынын полициясы казак спортчуларын кызытма колдонууда деп шектенип калды. Биатлончулардын медициналык дары-дармектерин жана жабдуусун, ошондой эле чөнтөк телефондорун алып коюшту. Мындан тышкары, спортчулар текшерүүгө заара жана кан тапшырышты.

Полиция 2017-жылдын январында, биатлончулар жашаган мейманканадан анча алыс эмес жерде дары-дармектер, колдонулган ийнелер жана бир нече эл аралык мелдештердин аккредитациялары салынган кутулар табылган соң казак спортчуларына кызыга баштады.

Күбөлөрдүн бири полицияга ушул адамдар кутучаларды микроавтобустардан ыргытып жатышканын көргөнүн айтты.

Табылган дарылар менен жабдуунун баары Австриянын кызытмага каршы агенттигине өткөрүлүп берилди, ал болсо кутучалардын ичиндеги нерселерден улам алар Казакстандын курама командасына таандык экенин божомолдогонго негиз берет деген тыянакка келди.

Казакстандын Биатлон федерациясынын баш катчысы Манас Үссөнов кутучаларда табылган аккредитациялар улуттук курама командага таандык экенин ырастады.

Федерация спортчулардын эч кимиси кармалбаганын жана табылган дары-дармектердин баарына уруксат бар экенин тактоодо.

Ал тургай Казакстандын курама командасы мелдешке уруксат алып, дүйнө чемпионатына катышып, аралаш эстафетада 11-орун алды.

Биатлон боюнча дүйнө чемпионаты Австриянын Хохфильцен шаарында 9-февралда башталды, ал 10 күнгө созулат.


ТЕМА БОЮНЧА: