SheIsNomad: «Салам, Нью-Йорк» тасмасынын сценаристи кинону жазуу туралуу

Гүлжан Токтогулова «Салам, Нью-Йорк», «Апаны издеп» тасмаларынын жана «Таш. Кайчы. Кагаз» сериалынын сценаристи. SheIsNomad блогуна эмне үчүн киноөндүрүштө иштеп көрүүнү чечкенин жана кыргыз тасмаларына эмне жетпей жатканын айтып берген.

Сценаристикага мен зериккенден келдим. Жождо тандаган багытым да, мугалимдер да, университеттин имараты да, айлана-чөйрөм да көңүлүмө толбой турган. Ошол кезде бизде торренттер пайда болуп, сериалдарды көрө баштадым. Окуялардын баяндалышы мага жагат эле, мен өзүм да тасмалардын жана сериалдардын сценарийлерин жазгым келди.

Киного кызыкканымдын аркасынан кыргыз режиссёрлору менен тааныша алдым: Айгүл Баканова, Элнура Осмоналиева жана Руслан Акун менен. Мен алар менен көп баарлашат элем, жазгым келип жатканы тууралуу аларга көп айтчумун. Бир жолу Айгүл мага: «Же жазганы отур, же окуп үйрөн», — деди. Мен 2-3 түнү менен эмне кылсам деп ойлонум чыктым. Окуй турган болдум. Бул убакта мен Руслан Акун менен иштешип, «Салам, Нью Йорк» тасмасынын ар бир эпизоддук планын жазышкам.

Гүлжан иштешкен «Салам, Нью Йорк» тасмасынан кадр.

Жашоомдогу эң туура чечим — Москва кино мектебинин сценарий жазуу чеберчилиги боюнча факультетке тапшырганым. Сценаристика тилди жакшы билүүнү талап кылат, мен болсо орус тилинде эркин сүйлөп, жазам, ошондуктан Москваны тандадым. Киномектепте мен таланттуу адамдар менен тааныштым, ошондой эле актай таза барактан, текстимди башка бирөөнө окуп берүүдөн коркконуман арылдым, сынды туура кабыл алганды үйрөндүм.

Сериалдарды жазуу тууралуу көп кыялданат элем. Бишкекке келгенимде Азим Азимов «Таш. Кайчы. Кагаз» сериалына сценарий жазып берүүмдү сунуш кылды.

Кыргыз киносунда аялдардын персонаждарына байланыштуу маселе чоң. Бийкечтер жана айымдар көп учурда мүнөзү бош, уяң олжо катары, же кайсы бир канзаада келип куткарып алаар алсыз бир жан катары көрсөтүлөт. Мага Азимдин сунушу жакты. «Таш. Кайчы. Кагаз» сериалындагы негизги каарман кызды чечкиндүү, дымагы күчтүү инсан катары көрсөткүм келди. Ал жөн гана отуруп алып дизайнер болууну эңсебестен, кыялын ишке ашырыш үчүн аракеттенет.

«Таш. Кайчы. Кагаз» сериалынан кадр.

Мен чынчыл тасма тарткым келет. А демек мен өзүмдү сатпай, өзүм бойдон калышым керек. Бул оңой эмес, анткени биздин кинодо эркектин персонаждары үстөмдүк кылат. Мен өзүм жакшы билген, өзүм жакшы сезген нерсе тууралуу жазгым келет. А бул дүйнөгө аялдын көз карашы. «Аялдар киносу» деген сөз суроолорду, күлкүнү жаратса да.

Мен ушул эле себептерден айыл тууралуу тасма жазганга барбайм. Мен өмүр бою шаарда жашадым, мен айыл жашоосун башкалардай жакшы түшүнө бербейм, ошондукта мен аларга окшоп, айыл тууралуу жакшы тасма жарата албайм.

Менин каармандарым бир-бири менен сүйлөшүшүн каалайм. Кыргыздарда отуруп, бир-бирине өз маселелерин, сезимдерин, пландарын айтып берүү, сүйлөшүү маданияты жок. «Курманжан Датка» тасмасы ушул маселени жакшы ачып берген. Анда бардыгы бир-бирине карагандары, белгилери, кыймылдары, шыбырашкандары менен ачылып берилген. Же болбосо, казактардын «Келин» тасмасын алалы, сценарийин [кыргыз режиссёру] Актан Арым Кубат, [башка кыргыз режиссёру] Марат Сарулу жана Ермек Турсунов менен жазган, анда да каармандар бир-бири менен сүйлөшпөйт, бир да диалог жок. Бул тасмалар башынан ушундай ойлонуштурулган, бардыгы өз ордунда, ал эми башка кыргыз тасмаларындагы диалогдор жасалма сыяктуу сезим калтырат.

Биздин маданиятта сүйлөшүүнү билбегенибизди көрсөткөн мисалдар толтура. Багып алынган балага анын бакма экенин эч качан айтышпайт. Бардыгы билишет, бирок унчугушпайт, бала болсо жактырбаган, жалтактаган көз караштарды байкап турат, бир нерсе андан жашырылып жатканын сезип турат. Же башка мисал — өлүм алдындагы адамга байланыштуу. Башка жакта бардыгын алгач оорулуунун өзүнө айтышат, анан ал өзү чечет, айтабы жакындарына, же жокпу. Бизде болсо тескерисинче: биринчи туугандарына айтышат, анан алар чечет, бейтапка үч айлык өмүрү калганы тууралуу айтышабы, же жокпу.

Мен үй-бүлөлүк драмалар жана кичи шаарлар тууралуу сериалдарды жакшы көрөм. Рэй Маккиннондун «Мурдагы катасын» («Ошибки прошлого») , Питер Бергдин «Түнкү жуманын отторун» («Огни ночной пятницы»), Мэрил Стрип ойногон «Август: Осеж графствону» («Август: Графство Оседж»), Роберт кенже Дауни ойногон «Сотту» («Судья»). «Адаптация», «Таза акылдын түбөлүктүү жарыгы» («Вечное сияние чистого разума») жана «Аномализ» тасмаларынын автору Чарли Кауфман мен жактыргандардын бири.

Мага кыргыздардын адамды узатуу темасы кызыктырат. Биринчиден, бардык тууган-туушкандары чогулат. Көбү бир-бирин көптөн бери көрө элек, кээ бирлери бир-бири менен сүйлөшпөйт, эми айласыздан алар бир канча күн чогуу болушу керек. Көп нерселер тууралуу сөз болуп, унутулган таарынычтар эскерилет. Экинчиден, үрп-адаттар: сен жакыныңды жоготтуң, а бардыгын түйшөлткөн маселелер: «канча кой союш керек», «кимге кандай устукан бериш керек», «кимге кандай мамиле кылыш керек», «ким кайда отуруш керек», «ким кантип ыйлаш керек». Ошол эле кезде бул тирликтик нерселер — башка түшкөн кайгыдан алаксып, качуу аракети.

Элнура Осмоналиеванын тасмасынан кадр.

Кыргыз сценаристтеринен ким мага жагат? Жергиликтүүлөрдөн мага автордук тасмалар жагат, ал эми аларда болсо режиссёрдун өзү сценарист. Мындайдан алганда, Элнура Осмоналиева («Сейде» тасмасынын режиссёру). Качан ал окуусун бүтүп, толук метраждуу тасманы тарта баштайт экен, ушуну катуу күтөм. Мирлан Абдыкалыковдун карьерасынын башталышы жагат («Сутак» тасмасынын режиссёру). Чет элдиктерден мага афроамерикалык кыз Шонда Раймс жагат, ал америкалык негизги үч каналдын бирине сериалдарды тартып турат.

Бирок өзүм автордук же арт-хаус тасмаларды жараткым келбейт. Мен тасмаларды массага арналган жана массага арналбаган деп бөлгүм келбейт — мен бардыгына түшүнүктүү болгон тасмаларды жараткым келет. Бул жактан алганда мага америкалык инди-кино жакын. Башкача айтканда, алар адатынча Сандэнс кинофестивалында көрсөтүлгөн тасмалар.

Сценаристика прозага караганда, поэзияга жакынырак. Ошону үчүн «Тосмо» («Ограда») тасмасындагы Вайола Дэйвис менен Дензел Вашингтондун диалогу мага өтө жагат (Тасма бул жылкы «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты тасма» номинациясына көрсөтүлгөн). Тасма пьесанын негизинде жаратылган, ошондуктан андагы диалогдор тим эле музыка. Үй-бүлөнүн жашоосуунун көрсөтүлүшү да таңгалтырат: бардык окуя бир жерде өтөт — алардын үйүндө, алдыңкы планда — 50-жылдардагы афроамерикалык үй-бүлөнүн жашоосу, ал эми фонунда — ошол кездеги коомдук окуялар.

Сценарийди жакшы жазыш үчүн көп окуп, көп жазып, көп көрүш керек. Мен өзүм үчүн мындай системаны түзүп алдым: үч саат тасма же сериалдарды көрөм, үч-төрт саат жазам, жумасына бир сценарий окуйм. Бардыгы бекер алып окуй ала турган сценарийлер бар. Кесибим боюнча да, көркөм китептерди да окуйм, жаңылыктар, саясий жана коомдук турмушта болуп жаткан нерселер менен таанышып турам, анткени актуалдуу темаларга жазыш үчүн сценарист дүйнөдө эмне болуп жатканын жакшы билиши керек.

Сценарийди кызыктуу кылыш үчүн, сен өзүң көп нерсени билишиң керек. Мисалы, «Жакшы жубай» («Хорошая жена») деген тасмада психологбу же социологбу мындай нерсени айтат, адамдар өз расасындагы адамдарды жүзүнөн жакшы таанып, билет деп, сөзүн тастыкташ үчүн бир мисал келтирет: ак аял териси кара кылмышкерди тааный алган эмес, анткени ал үчүн териси каралар бардыгы бир-бирине окшош көрүнчү. Бирок, менимче, Борбордук Азияда жашагандар үчүн бул теория иштебейт: бизге биздин расадагы адамдар — кытайлар, корейлер жана жаподор — бардыгы бир-бирине окшош көрүнөт, бирок биз европалыктардын жүздөрүн бир-биринен даана айырмалай алабыз. Биз айланабызда европалык жүздөрдү көрүп, орус телеканалдарын, америка жана европа тасмаларын көрүп чоңойдук да.

Сценардык чеберчилик — бул кандайдыр бир деңгээлде психотерапия. Сен өзүңдүн сезимдериңди айтып берип, дүйнө таанымың менен бөлүшөсүң. Биздин эркек режиссёрлорубуздун тасмаларындагы аялдардын образын көрүп, алардын аялдарга болгон мамилеси тууралуу тыянак чыгарсак болот. Режиссёр достор тууралуу баяндап жатып, достук тууралуу түшүнүгүн айтып берет, тасмада айтайын дегенине көңүл буруп, анын жашоого болгон мамилесин билесиң.

Англис тилин билүү окуудагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, өркүндөп-өсүүгө өбөлгө түзөт. Не дебешсин, бирок сценаристика тууралуу окуу китептердин бардыгы англис тилинде жазылган. Бардыгы эле которула бербей, эң белгилүүлөрү гана которулат. Ошол эле кезде көптөгөн мыкты китептер орус тилиде сүйлөгөн сценаристтерге кол жеткис байлык бойдон калууда. Мен сценарийлерди түп нуска тилинде окуганга аракет кылам, анткени которулганда көп нерсе жоголуп, диалогдордун керемети билинбей калат.

Сценарий жазууга кызыккандар үчүн мен бул китептерди окууну сунуштайт элем: Роберт Макк «Миллион турган окуя» («История на миллион»), Кристофер Воглер «Жазуучунун саякаты» («Путешествие писателя») , Джон Труби «Окуянын анатомиясы» («Анатомия истории»), Жозеф Кэмпбелл «Миңжүздүү каарман» («Тысячеликий герой») жана Снайдер Блэйк «Кичинекей мышыкты куткаруу» («Спасти котика»).

filmmakermagazine.com сайтында сценардык чеберчилик, режиссура, пост-продакшн тууралуу мыкты макалаларды, кесипкөй чеберлер менен интервьюларды, пайдалуу кеңештерди тапса болот. Маал-маалы менен cinemotionlab.com сайтында кайсы бир сценарист менен интервьюну окуп турам. indiewire.com сайтында болсо кино тууралуу жаңылыктарды жана рецензияларды таба аласыңар. Кино жана сериалдар тууралуу телеграмда: t.me/gukusha, твиттерде: @gukushka жазып турам.

Автору: Алина Жетигенова

Макаланын түп нускасы SheIsNomad сайтында жарыяланган.


ТЕМА БОЮНЧА: