Кыргызстандагы Орусия элчилигинин автоунаасы урунган жол кырсыгы. Эң маанилүүсү

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин автоунаасы адам жанын алган автокырсыкка кабылган — автоунаа барып сүзгөн жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу курман болгон. Элчилик рулда отурган адамдын атын атап, курман болгон кишинин туугандары менен төрт күн бою байланышпаганын моюнга алды.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы 16-февралда болгон — Кыргызстандагы Орусия элчилигинин «Тойота Прадо» автоунаасы жолчырактын кызыл жарыгына карабай чоң ылдамдыкта өтүп баратып жүк ташуучу «Мерседес Бенц Спринтер» менен кагылышкан. Натыйжада «Спринтердин» айдоочусу Евгений Лексин мерт болгон. Жол кырсыгынан төрт күн өткөн соң дагы эмне белгилүү?

Кылмыш иши козголду

Кыргыз милициясы жол кырсыгынын жагдайларын иликтеп жатат. Бирок күнөөкөрдүн аты атала элек. Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Бугубаев Kloop.kgге милиция жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгогонун айтты.

Элчилик айдоочунун атын атады

Жол кырсыгынан кийин кыргызстандык маалымат басылмалар элчиликтин автоунаасынын рулунда «Роснефть» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Игорь Рясный отурганын кабарлашкан.

Бирок элчилик өзү бул маалыматты четке какты — дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дарья Пахомова Kloop.kgге автоунааны элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пухов айдап баратканын айтты.

«Роснефть» ишканасынын өзү Рясный чын эле автоунаада болгонун, бирок жүргүнчүнүн отургучунда баратканын билдирди.

Курман болгон адамдын туугандарына жардам

Жол кырсыгында курман болгон маркумдун туугандары — аялы менен кызы — Орусия элчилигинин өкүлдөрүнүн алар менен «тыгыз байланышта» болуп жатканы тууралуу билдирүүсүнө карабастан, аларга орусиялык дипломаттар байланышпаганын билдиришти.

Kloop.kg менен болгон маекте элчиликтин өкүлү Дарья Пахомова элчиликтин кызматкерлери курман болгон маркумдун туугандарына «чалып байланыша албай коюшканын», бирок жардам көрсөтүүгө даяр экенин моюнга алды.

«Объективдүү себептерден улам биздин кызматкерлер анын үй-бүлөсү менен байланышкысы келса да чалып байланыша албай коюшкан. Биз жардам көрсөтүү боюнча тагыраак маалымат үчүн аларга ыңгайлуу каалаган учурунда күтөбүз», — деп билдирди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: