Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Орусия элчилигинин автоунаасы менен кагылышуудан көз жумду

Орусия элчилигинин дипломатиялык номерлери бар «Тойота Прадо» «Манас» аба майданына баратып жүк ташуучу автоунаага урунду. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу кайтыш болду.

Жол кырсыгы 16-февралда күндүз Бишкектен «Манас» аба майданына бараткан жолдо болгон. Орус элчилигинин «Тойота Прадосу» «Мерседес-Бенц Спринтер» маркасындагы автоунаага урунган.

Кагылышуунун натыйжасында эки киши ооруканага жаткырылып, алардын бири — жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу — кийинчерээк каракушундагы жаракатынан улам каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Kloop.kgге айдоочу операциядан кийин көз жумганын айтты. «Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышкан, бирок анын алган жаракаты өтө эле оор болуп чыкты», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттык» үналгысына Улуттук госпиталь каза тапкан иши боюнча туура эмес маалымат бергенин кабарлады — мурда дарыгерлер курман болгон кишини элчиликтин автоунаасынын айдоочусу экен деп жатышкан.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова Kloop.kgге дипломаттар курман болгон адамдын туугандарына көңүл айтып жатышканын билдирди.

Орусия элчилигинин «Тойота Прадосу». Сүрөт: АКИпресс.

«Башка автоунаанын айдоочусу эле каза тапты болуш керек, ошого байланыштуу биз анын туугандарына көңүл айтабыз, анткени бул өтө оор кайгы экени анык», — деди Пахомова.

Ал кошумча маалымат бере албастыгын, азыр жол кырсыгынын жагдайлары иликтенип жатканын айтты.

Элчиликтин автоунаасына урунган жүк ташуучу автоунаа. Сүрөт: АКИпресс.

РИА «Новости» баштапкы маалыматтарга караганда элчиликтин автоунаасы жолчырактын өтүүгө тыюу салган белгисине карабастан чоң ылдамдыкта баратканын жазды.

Бирок кыргыз милициясы азырынча жыйынтык чыгарууга шашыла элек. Жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү тууралуу маалымат техникалык экспертизадан кийин айтылат, дешти Кайгуул милициясынын башкармалыгындагылар.


ТЕМА БОЮНЧА: