Тыныбекова жаракатынын айынан Швециядагы турнирдин алтын медалына жетпей, күмүш медаль алып калды

Бутун кокустатып алганына карабай Айсулуу Тыныбекова Klippan Lady Open 2017 эл аралык турниринин жарым финалында жеңишке ээ болду. Бирок алган жаракаты үчүн финалга катыша алган жок.

Финалдын ⅛ бөлүгүндө Тыныбекованын атаандашы жапон кызы Акие Ханаи болду. Беттешүүнүн жүрүшүндө кыргызстандык спортчу упайы азыраак болуп келатып жеңишти тартып алды (4:3) да турнирдин кийинки айлампасына өттү.

Финалдын ¼ бөлүгүндө Тыныбекова швед спортчусу Элин Нилльсон менен беттешти. Аны жеңил-желпи эле утуп алып (8:1), кыргызстандык спортчу турнирдин жарым финалына чыкты.

Жарым финалдагы кармашта Тыныбекованын атаандашы кайрадан Жапониянын өкүлү Юзуру Кумано болду. 4:0 эсебинде утулуп баратып, кыргызстандык кыз аралыкты азайтууга жетишти — 4:2.

Беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө Тыныбекова атаандашы бутуна залака келтиргенине байланыштуу медиктерден жардам сурады. Бирок жаракатына карабастан спортчу таймашты улантууну чечти. Адегенде Тыныбекова эсепти теңдеп, андан кийин 9:6 эсебинде жапон спортчусунан жеңишти жулуп алды.

Финалда кыргызстандык спортчуну орусиялык Валерия Коблова күтүп турган. Тыныбекова ага Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында утулуп калган болчу. Бирок ал ошол утулушунун эсесин чыгара алган жок.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков шакиртинин жаракатын күчөтүп албаш үчүн аны турнирдин финалына катыштыруудан баш тартты. Андыктан Айсулуу Тыныбекова финалда автоматтык түрдө утулуп, турнирдин күмүш медалына гана ээ болду.

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча салт болуп калган «Klippan Lady Open» турнири Швециянын Клиппан шаарында өткөн дем алышта болуп, ага 22 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке алты спортчу кыз барган.

Эң мыкты көрсөткүч 58 килограммга чейинки салмак категориясында турнирдин күмүш медалын утуп алган Тыныбекованыкы болду. 75 килограммга чейинки салмак категориясында бешинчи орунду Айпери Медет кызы алды. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы эсепте Кыргызстан тогузунчу орунга чыкты.

Январдын аягында Тыныбекова Красноярскиде «Иван Ярыгин — 2017» эл аралык турнирине катышып, ал жерде финалда орусиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде эч кыйынчылыгы жок утуп алып алтын медаль алган.


ТЕМА БОЮНЧА: