Дүйшөмбүдөн 25 жылдан бери биринчи жолу келген жүргүнчү учакты Ташкен кабыл албай койду

Ташкендин аба майданы Дүйшөмбүдөн 25 жылдан бери биринчи жолу келген жүргүнчү рейсти кабыл алуудан баш тартты. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы тарыхый аба каттамы 1993-жылдан бери биринчи жолу ишке ашмак.

Карамагындагы учагы Дүйшөмбүдөн Ташкенге учуп чыгышы керек болгон «Сомон Эйр» авиакомпаниясы өзбек тарап каттамга тыюу салганын билдирди.

Авиакомпаниядагылардын айтымында, баш тартуунун себептери эмгиче белгисиз.

Дүйшөмбү-Ташкен рейси 20-февралда учмак. Тажикстан менен Өзбекстан эки өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу авиакаттамдарды жөнгө салуу тууралуу макулдашкан.

Учакка адистер менен коноктор түшүп, Дүйшөмбүдөн Ташкенге багытталган техникалык рейс 10-февралда каттаган.

План боюнча учак ушундай жол менен жумасына бир жолу — дүйшөмбү күн сайын, ал эми жайында жумасына эки жолу Дүйшөмбүдөн Ташкенге жана кайра каттап турушу керек болчу.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиакаттамдар 1993-жылы токтоп калган. Орток тарыхына, окшош маданиятына карабастан, эки өлкөнүн алакасы СССР кулагандан кийин сууп кеткен боюнча турат.

Эки өлкөнүн ортосундагы тымызын «кансыз согушка» Тажикстан өлкөдөгү электр тартыштык маселесин чечиш үчүн Рогун ГЭСин курууга ниеттенгени башкы себеп болгон.

Бирок өзбек бийлигине Тажикстан өз аймагында суунун көлөмүн көбөйтүп эле тим болбостон, Өзбекстанга Амударыя аркылуу бараткан агымды да көзөмөлдөмөкчү болгону жакпай калган.

Авиакаттам жаңырганына карабастан, эки өлкө ортосунда эмгиче визалык режим иштейт, ал эми алардын чек арасы миналанган боюнча турат.

Өзбекстандан тышкары, Тажикстан менен Орусия да 2016-жылдын ноябрында Орусиянын айрым аймактарына авиакаттам уюштуруу жөнүндө макулдашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: