Эт консерва жана макарон: Кар баскан Ак-Таш айылынын тургундары гуманитардык жардам алышты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Таш айылынын тургундары ӨКМ жеткирген гуманитардык жардамды алышканын ырасташты. Тамак-аш жана шифери бар гуманитардык жүк кар калың жааган соң жергиликтүү элге бир жумадан кийин жеткирилди.

Ак-Таш айылынын тургуну Жанарбек Рысдөөлөтов Kloop.kg менен болгон маекте айылдыктар гуманитардык жардамды 22-февралда алышканын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Акт-Таштын тургундарына бир тоннадан ашык жүк жеткирди:

  • консерваланган эт — 300 кг;
  • макарон — 600 кг;
  • чай — 108 кг.

Гумжардамга гигиена каражаттары — самын, шампунь, тиш пастасы жана кир жуугуч порошок салынган 60 кутуча да кирди.

Биринчи иретте пайдаланылуучу буюмдарга кошумча иретинде ӨКМ айылдыктарга 300 жууркан, 120 чака, 120 брезент, 60 куту ашкана шаймандары жана 120 канистра таратат.

Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Исабеков кырдаал жөнгө салынып келатканын айтты.

«Азыр айылда кардын калыңдыгы эки метрдей бар, бирок жол ачык, күн ачык, ал эми коомдук түйүндөрдө алаамат тууралуу айтып жатышканы жөн гана дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Азык-түлүк аз, бирок бүгүн кечинде күркөлөр товарларга толтурулушу керек», — деди Исабеков.

Ак-Таш айылында кар 13-февралдан 19-февралга чейин бир жума тынбай жааган — сутка сайын жарым метр кар жаап турган. Кардын калыңдыгынан айылдан чыкканга мүмкүн болбой калган.

Айыл тургуну Жанарбек Рысдөөлөтов «Фэйсбукка» айылдын баары кардын астында калганы тууралуу видео чыгарган. Өз видеосунда Рысдөөлөтов ӨКМ менен Кыргызстандын элине жардам сурап кайрылган. Kloop.kg менен болгон маекте ал айылдын дүкөндөрүндө азык-түлүк калбай калганын, 200 тургундун тамак-ашы түгөнгөнүн айткан.

«Дүкөндөрүбүздө ун эле калды. Бирок жалаң ун жемек белек? Ошондуктан айылдыктар Кыргызстандын элине жана биздин бийликке жардам сурап кайрылып жатышат», — деген ал.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардам Чаткал районуна 17-февралда — өзгөчө кырдаал режими киргизилгендин эртеси эле жеткирилмек. Бирок жүк ташыган автоунаалар «бороондун айынан» жолдо калышкан.

«Чапчыма ашуусунда бороон уруп, жол көрүнбөй, кар көчкү коркунучу жаралган. КР ӨКМдин министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетекчилик кылган ыкчам тобуна кайра бурулушка туура келди. Гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар убактылуу токтотулду», — деп билдирген ӨКМ.


ТЕМА БОЮНЧА: