Казакстандын ТИМи 2010-жылдагы революциядан кийин Казакстан тараптан коюлган «блокада» тууралуу Атамбаевдин айтканына макул эмес

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нааразылык нотасын тапшырып, анда Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзүнө «таң калганын жана макул эмес экенин» билдирди. Кыргызстандын президенти «Евроньюстун» эфиринде 2010-жылы Кыргызстанда «адам курмандыктарына» алып келген Казакстандын «блокадасы» тууралуу айткан болчу.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев кыргыз дипломаты Кайнарбек Токтомушевге нота тапшырды, анда Кыргызстандын президенти 2017-жылдын 17-февралында «Евроньюстун» эфиринде айткан сөзүнө «таң калуу жана каяша» айтылган.

Казакстандын ТИМи апрель окуясынан кийин Казакстан Кыргызстанга «блокада» койбой эле, тескерисинче «коңшусуна жардам жөнөткөнүн» белгилейт.

«Казакстан […] Кыргызстанда айдап-себүү өнөктүгүн колдош үчүн ага токтоосуз түрдө күйүүчү май жана үрөн жиберген», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Казак дипломаттары Казакстандын Кыргызстанга берген жардамынын шарапаты менен өлкөдө «көп сандаган курмандыктар болгон жок» деп эсептешет.

«Казакстандын жетекчилиги жүргүзгөн иштердин натыйжасында […] көп сандаган адамдардын өмүрүн ала турган кырдаалдын курчуп кетишине жол берилген жок», — деп белгилешет ТИМде.

Казак тарап апрель окуяларында Казакстан Кыргызстанга 11 миллион доллардан ашык акчага гуманитардык жардам бергенин да билдирди.

Алмазбек Атамбаев Брюсселде «Евроньюстун» журналистинин суроолоруна жооап берип жатып Казакстан 2010-жылы Кыргызстанга блокада койгонун, ал «адам курмандыктарына алып келгенин» айткан эле.

Казакстандын ТИМи бул айтылган сөздөргө нааразы болуп, Кыргызстандан түшүндүрмө күтүп жатканын билдирген.

Кийинчерээк Кыргызстандын ТИМи «блокада» деп Атамбаев Казакстан апрель окуяларынын убагында чек арасын жаап койгону тууралуу айтканын түшүндүргөн.

«Ошол бир жарым айлык убакыт ичинде дарынын жоктугунан оорусу катуу кишилер көз жумган учурлар катталган. Кыргызстанга адам өмүрү үчүн маанилүү дарылардын келишин токтотуу миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген», — деген Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова.

Сүрөт Kapital.kz сайтынан алынды


ТЕМА БОЮНЧА: