Бишкек: Пенсионер аял бир жашар небересинин көзүнчө өлтүрүлгөн

60 жаштагы аял небереси менен үйүндө отурганда аны өлтүрүп кетишкен. Окуя 22-февралда Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонунда күндүз болгон.

Улгайган аялдын сөөгү анын Тыныстанов көчөсүндөгү үйүндө табылган. Маркумдун үйүндө милиция бир жашар баланы тапкан.

Окуя тууралуу аялдын мектептен үйгө келген улуураак небереси укук коргоо органдарына билдирген.

«Үйдө чоң кишилер болгон эмес, анын мектептен келген улуу небереси телефон чалган», — дешти ШИИБнин басма сөз кызматындагылар Kloop.kgге.

Баштапкы маалыматтар боюнча аял окко учкан. Бирок башка маалымат каражаттарындагы булактар ал мокок нерсе менен башка чапкан соккунун айынан жан берген деп айтышууда.

«Азыр өлүмдүн себептерин аныктоо максатында медициналык экспертиза жүрүп жатат», — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Киши өлтүрүүнүн себептери жана түрткүлөрү азырынча белгисиз. Тергөө кылмышка тонооочулук же каракчылык себеп болушу мүмкүн деп болжоп жатат.

Милиция Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козгоду. Азыр тергөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: